Героический эпос кыргызов «Манас» в рисунках

October 19, 2016, 06:00

"Героический эпос кыргызов «Манас» в рисунках"

(-Б., изд. Аркус, 2016. -104 с., илл.) аттуу

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан

чыгарылган китепке


П И К И Р


Китеп «Манас» эпосунун мыкты билерманы, Кыргыз Эл жазуучусу



Бексултан Жакиев тарабынан түзүлүп, Сагымбай менен Саякбай айткан салттуу жана классикалык эпостун сюжети толук сакталган. Бул анын толук кубаттоого, колдоого татыктуу 1-жагы болсо, Замир Илиповдун ошол тексттерге карата тартылган сүрөттөрүнүн ага шайкеш келүүсү жана ырааттуулугу анын эң негиздүү жана баалуу сапаты болуп эсептелет. Китеп кенже балдарга (5-12 жаш) арналган дешке болот. Ошондуктан ар бир сүрөт-картинканын текстке шайкеш келүүсү жана анын мазмунун кооз-көркөм ачып берүүсү өтө маанилүү. Бул жагынан алганда З.Илипов зор мээнет жасап, анын өтөсүнө чыккан экен. Булар жөн эле чиймелеп, жеңил-желпи тартылган сүрөттөр эмес экени, ар бир чакан сүрөт-көрүнүштөр, сүрөт-портреттер, сүрөт-ситуациялар майда-барат деталдарына чейин ойлонуштурулганы ачык көрүнүп турат. Экинчиден: «Манас» сындуу элибиздин тарыхы, салт-санаасы зор көркөм-эстетикалык жигер менен баяндалган эпикалык чыгармада чагылдырылган жоокердик замандын рухун туура элестетүү өзгөчө маанилүү экендиги шексиз. Муну да З.Илипов ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Китепти сүрөттөрү менен бирдикте окуган бала кыргыз элинин эзелки доорлордогу жай турмуш-тиричилиги, каада-салты, адамдык мамилелери, баатырлардын жана аларга жөлөк-тирек болгон айымдардын эл-жердин эркиндиги, жыргалчылыгы үчүн болгон күрөшү тууралуу элестүү жана кооздолуп-шөкөттөлгөн маалымат алышат. 


«Манас» эпосун толук көлөмүндө окуп, үйрөнүүгө баланы даярдап, кызыкчылыгын ойготууга толук жарамдуу алгачкы жана ийгиликтүү басылма катары бул китепти массалык тираж менен чыгарып, бардык бала бакчаларга жана мектептерге таратуу керек (колдон келсе) деген ойдомун.


«Роза Отунбаеванын десмилгеси» фондуна, Б.Жакиевге жана З.Илиповго, дегеле ушул китепти чыгаруу ишине активдүү катышкан бардык адамдарга рахмат! Мындан аркы ишиңиздерге ийгилик каалаймын!



Курманбек Абакиров,

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун
Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы,
ф.и.к., проф.м.а.