«Вечер поэзии» Карбаласа Бакирова

October 18, 2016, 06:00

Үстүбүздөгү Тарых жана маданият жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоодо.

 

Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Карбалас Бакировдун чыгармачылыгына арналат. “Адашкан кентавр” деп аталган бул поэзия кечеси 2016-жылдын 21-октябрьда саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында болуп өтөт.

 

К.Бакиров Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. 1979-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктаган.

 

Акындын алгачкы ырлары мектепте окуп жүргөн кезинде эле райондук жана республикалык гезиттерге жарыяланып келген.

 

Азыркы учурда К.Бакиров “Адашкан кентавр”, “Коргондогулар жана чексиздик”, “Көкүлчөн кыялдар” аттуу үч ыр жыйнагынын автору. КРнын Президентинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын Түркияда өткөн фестивалдарынын бир нече жолку катышуучусу.

 

Ал котормочу катары көптөгөн акындардын ырларын кыргызчалаган. Алгачкы ырлары мектепте окуп жүргөндө гезиттерге жарыяланган. Бүгүнкү күндө эки китеби жарык көрүүнүн алдында турат.

 

Акын К.Бакиров “Эркин тоо” гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

 

Акындын ырлары өзүнүн курчтугу, ойдун таамайлыгы жана чечкиндүүлүгү менен өзгөчөлөнөт.

 

Кеченин жүрүшүндө акын ырларын окуп берет, анын сөзүнө жазылган ырлар ырдалат.

 

Иш чараны белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

 

Толук маалыматты бул телефондордон алсаныздар болот: 66 03 84 ; 0772 800376