Приветствие участникам и гостям III Форума «Мекендештер - 2016» от имени Президента КР А.Ш.Атамбаева

August 2, 2016, 06:00

Президентом Кыргызской Республики Атамбаевым А.Ш. в адрес участников и гостей III Форума «Мекендештер - 2016» направлено приветственное обращение.


Обращение Главы государства зачитала заместитель заведующего отделом социальной политики Аппарата Президента Кыргызской Республики Жанна Саралаева.

 

Президент Алмазбек Атамбаев поблагодарил инициаторов и организаторов форума «Мекендештер» за то, что они собрали наших соотечественников со всех концов мира.

 

В приветствии главы государства, в частности, говорится:



Урматтуу “Мекендештер” форумунун катышуучулары!

 

Сиздерди “Мекендештер - 2016” форумунун ишинин башталышы менен чын дилимден куттуктайм!


Учурда чет өлкөлөрдө жашап жана иштеп жатышкан биздин мекендештерибизди чогултуп, баштарын бириктирип жаткан Форумдун демилгечилерине жана уюштуруучуларына терең ыраазычылыгымды билдирем.


Эгемендиктин 25 жыл аралыгында өлкөбүздө маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Кийинки жылдары көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан алдыга ишенимдүү кадам таштап, эконмикалык, социалдык, маданий жана ири инфраструктуралык долбоорлодру ишке ашырып жатат. Өлкөбүздүн өнүгүүсүндө жаңы чыгуу мезгили келди.


Бүгүнкү форумда сиздер Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн билим, тажрыйба жана ийгиликтериңер менен кенен бөлүшүп, маанилүү тыянактарды чыгарып натыйжалуу иш алып барасыздар деп ишенем.


Чет өлкөдө жашап жүрүп түпкү Мекени менен карым-катнашты бекемдөө үчүн коомдук уюмдарды түзүп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп жаткан мекендештерибизге өзгөчө ыраазычылык билдирип, белгилеп кетким келет. Араңыздарда жеке ишкерлер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият жана башка тармактардын өкүлдөрү бар. Чет жерде жүрүп бизнесте чоң ийгиликке жетишкен мекендештерибиз да аз эмес. Сиздер дүйнөнүн кайсы бурчунда жашасаңар да өз Мекениңер Кыргызстан үчүн күйүп, аны жүрөгүңөрдүн тереңинде ыйык сактап келесиздер.


Кыргызстандын өнүгүшүнө жаңы технологияларды, капиталды, инвестицияларды алып келүүгө кыган аракеттиңиздер ар тараптан колдоого татыктуу. Биринчи кезекте мамлекет өлкөбүздүн өнүгүшүнө түрткү болгон жаңы ой-пикирлердин, идеялардын ишке ашырылышына ыңгайлуу шарттарды түзүүсү зарыл. Ушул максатта Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мекендештер менен иш алып баруу Кеңеши түзүлгөн. Кыргыз Өкмөтүнүн мекендештер менен тыгыз байланышта илим, маданият, жаңы технологиялар, инновациялар жана инвестицияларды тартуу боюнча иш алып баруусу – мезгилдин талабы.


Салтка айланып бараткан “Мекендештер” форуму кызматташуунун, байланыштарды бекемдөөнүн жана иштиктүү багыттарды аныктоонун аянтчасы болуп каларына терең ишенем.

 

Кымбаттуу мекендештерим!


Мекенибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошууга тийишпиз. Өнүккөн Кыргызстанды, жаркын келечекти башкалар келип бизге куруп бербейт. Биздин Мекенибиз бирөө гана, ал – Кыргызстан. Мекенибиздин келечеги – ар бирибиздин колубузда!


“Мекендештер” форумунун иши үзүрлүү болсун! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалайм. Жергебизде ынтымак жана биримдик уялап, элибизди ийгилик коштосун”

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Ш. Атамбаев