ДМЧ балдар «Наристе» программасынан кийин демейки класстарга барат

March 2, 2016, 06:00

«Наристе» программасы боюнча ден соолугу бир аз бузулган, бирок интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү жайында болгон балдар окуй алат. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Мамбетова билдирди.

 

Эске сала кетсек, 2015-жылдын сентябрынан тартып бардык жалпы билим берүү мекемелеринде өзгөчө муктаждыктары бар балдарды мектепке психологиялык-педагогикалык даярдоо максатында өзгөчө муктаждыктары бар балдарды даярдоонун «Наристе» программасы киргизилди.

 

Бул долбоордун максаты – программаны киргизүү, ал боюнча бала бир жылдын ичинде келечекте дени сак балдар менен катар демейки мектепте билим ала турган мектепке чейинки даярдыктан өтөт.

 

Мамбетованын айтымына караганда, Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 18 жашка чейинки 28 миңге жакын бала бар.

 

«Бул – Социалдык өнүгүү министрлигинин 2015-жыл үчүн маалыматы. Ушул программа боюнча ден соолугу бир аз бузулган, бирок интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү жайында болгон балдар окуй алат», - дейт ал.

 

Көрүүсү, угуусу жана таяныч-кыймылдоо аппараты ар кандай бузулган балдар үчүн болгону 15 мектепке чейинки уюм иштейт, аларда 2 миңге жакын бала окуйт.

 

«Балдардын атайын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн алууга муктаждыгы өтө жогору. Бирок мамлекет азыр ар бир региондо, ар бир райондо көрсөтүлгөн адамдар үчүн атайын балдар бакчалары ачылышын камсыз кыла албай жатат. Балдар 1-сентябрга карата өзүнүн курбулары менен тең эле окуй алышы үчүн «Наристе» программасына инклюзивдик окутуу маселелери киргизилген», – деп белгиледи ал.

<iframe width="560" height="315" src="https://www.youtube.com/embed/4AneFQ72pew" frameborder="0" allowfullscreen></iframe>

 

Вечерний Бишкек