Президент Алмазбек Атамбаев: «7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!»

April 8, 2015, 06:00

Бүгүн, 2015-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында өткөрүлгөн Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган расмий иш-чарага катышты.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Феруза Жамашева 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюшту.

 

Иш-чарага 7-апрелде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, мамлекеттик башка органдардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

 

Аза күтүү минутасынын кийин карабиндерден үч жолу залп атылып, Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолду. «Ала-Тоо» аянтында ошондой эле маркумдарга багышталган куран окулду.

 

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

 

“Урматуу мекендештер!

 

Беш жыл мурда, 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок, ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири болгон. 

Бийик тоолор алыстан гана көрүнөт. Жакындасаң, аларды пас бөлтөктөр, адырлар, башка тоолор жаап калат. Алыстаганда гана бийик тоолор алардын аркасынан калдайып чыгып, көрүнүп баштайт, ак мөнгүлүү чокулары менен асманды тиреп. 

2010-жылдын 7-апрелиндеги болгон окуянын зор мааниси да, ошол күнү көрсөтүлгөн эрдиктин бийиктиги да жылдар өткөн сайын гана так көрүнүп баратат. 

Мен ишенем, канча мезгил өтсө да бул окуя унутулбайт, тескерисинче жылдан жылга асман тиреген ак мөңгүлүү залкар тоодой болуп, өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгон жигиттерибизди элестетип, элибизге, жаңы муундарга дем берип турат. 

Урматтуу мекендештер! 

Ошол күнү 88 жараныбыз курман болгон. Бирок, андан кийин өткөн беш жылдын ичинде да, алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этебиз! 

Азыр арабызда ошол 7-апрель күнү «Ала-Тоо» аянтында ок алдында тургандар, өлүмдүн көзүн тик карагандар турат. Катуу жарадар болгондор бар, Кудай октон сактагандар да бар. Эрдигиңиздер үчүн баарыңыздарга таазим кылам! 

Урматтуу мекендештер! 

Агайын туугандар! 

Ошол каргашалуу күнү «Ала-Тоо» аянтына эч ким кызмат үчүн, же байлык үчүн чыккан жок! Эч ким сыйлык алам деп чыккан жок! Көр оокат үчүн эч ким чыккан жок! 

7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан! 

Ушундай элибиз болгонуна, ушундай көк-жал жигиттерибиз болгонуна Кудайга миң мертебе рахмат! Сыймыктанабыз элибиз менен! 

Урматтуу мекендештер! 

Албетте, беш жыл мурда эл майданга чыкпай эле койсо болмок дегендер аз эмес. Мурдагы бийликти эңсеп, аларга мурдагыдай эле кызмат кылып жүргөндөр аз эмес. Минскиден тапшырма алып, ал жердеги канкорлорго байма-бай барып, керек болсо тойлорунда ырдап, бийлеп жүргөндөр да бар. Кан жыттанган акча таратып, жаш балдарды баш-аламандыкка түртүп, элди алдап, бөлүп-жаргандар да аз эмес. 

Убагында өлкөбүздү тоноп, эми болсо элибизге күйүмүш болгондор андан көп. Кыргыз элине канчалык жаман болсо, ошончолук бизге жакшы болот деп, элибизге, жерибизге күнү-түнү жамандык тилеп жүргөндөр да аз эмес! 

Сасык макала, калп китеп жазгандар, канкорлорду актап-жактагандар мындан көп. 

Мекендештерим менин! 

Алданбагыла бул бузукуларга! Булардын ким экенин унутпагыла! Булардын негизги максатын унутпагыла! Аркасында ким турганын унутпагыла! 

Өткөндү унуткандар өз келечегине балта чабат! 

Уважаемые сограждане! 

Дорогие кыргызстанцы!

 

Мы собрались здесь, чтобы почтить память героев Апрельской народной революции. 

Пред светлой памятью погибших в тот день, перед лицом народа Кыргызстана хочу твердо сказать: Мы помним! Мы ВСЁ помним! 

Мы помним, что было с нашей страной до 7 апреля 2010 года! Помним, как цинично была украдена победа у народа после Мартовской революции 2005 года. Как после изгнания одной ненасытной семьи к власти пришла другая, еще более коррумпированная и жадная. 

Мы помним, какую чудовищную систему они создали. Как власть срослась с криминалом. Как убивали оппозиционеров и предпринимателей, журналистов и депутатов. Помним, как сбросили с шестого этажа, связав руки и ноги, Геннадия Павлюка. Как пытали и заживо сожгли Медета Садыркулова и оказавшихся рядом с ним Сергея Слепченко и Кубата Сулайманова. 

Мы помним как калечили и изгоняли из страны всех неугодных. Мы помним, что митинги было разрешено проводить только на ипподроме. 

Мы помним как отнимали бизнес и грабили предпринимателей. Как делили между собой все национальные богатства страны. Как уже готовили наследника престола. Бакиева младшего. Собирались править вечно! 

И поэтому нам никогда нельзя забывать от какого чудовищного зла, от каких нелюдей спасли страну те, кто стоял под пулями на площади «Ала-Тоо» 7 апреля 2010 года. 

Уважаемые сограждане! 

Большое видится на расстоянии. Многие вещи мы только теперь начинаем осознавать. 

И сегодня можно твердо сказать: Апрельская революция спасла страну от экономического краха и духовного обнищания. Апрельская революция открыла путь к возрождению Кыргызстана! 

Уважаемые сограждане! 

Хотел бы также коротко ответить тем, кто поливает грязью достижения страны за эти пять прошедших лет. 

Всё познается в сравнении. После 7 апреля 2010 года по миру прокатилась целая волна революций, вызванных воровством и жестокостью авторитарных режимов. Началось арабской весной, закончилось киевским майданом. 

Каковы же их итоги? 

Революции в некоторых странах привели к гражданской войне и расколу страны. Это можно сказать о Ливии, Сирии. Такой же процесс, к сожалению, наблюдается и в Йемене. Продолжаются убийства лидеров оппозиции и кровавые теракты в Тунисе. В Египте после кровавых столкновений к власти снова вернулись военные. 

На братской Украине мы видим потерю территориальной целостности и тысячи погибших в ходе вооруженного конфликта на юго-востоке страны. 

И, к сожалению, во всех этих странах мы видим разрушенную экономику, гиперинфляцию и массовое обнищание людей. 

Хочу отметить, что и Кыргызстан прошел непростой путь за эти пять лет. Если сравнишь с такой же постсоветской Украиной, то и у нас через два месяца после революции был организован реваншистскими силами межэтнический конфликт на юге страны. А перед этим были попытки организовать такое же на севере страны. Были и бесконечные митинги, экономическая блокада и даже попытка захвата здания, где размешаются парламент и Президент республики. 

Но, несмотря на всё, нам удалось выстоять и сохранить главные завоевания революции: мы строим страну свободных людей. Мы строим светское демократическое государство. И мы сохраним парламентскую форму правления. И у нас в стране сегодня самое сильное гражданское общество. 

Именно поэтому, сравнив Кыргызстан с другими постреволюционными странами, лидеры Евросоюза и крупнейших стран Европы с таким уважением и радушием встречали Президента Кыргызстана. Потому что наш народ достойно прошел через самые трудные испытания и заслужил уважение мировых лидеров. 

Здесь я хотел бы отметить огромную заслугу уважаемой Р.И. Отунбаевой. Именно она руководила нашей страной в самое трудное время. Руководила совместной работой людей, которых трудно даже за одним столом собрать. 

Несмотря на тяжелейшие испытания, граждане Кыргызстана смогли восстановить и укрепить единство страны. 

Более того, мы смогли добиться и неплохих результатов в экономике. Страна уверенно встаёт на устойчивый путь развития. 

За пять прошедших лет доходная часть бюджета Кыргызстана увеличилась в 2,2 раза. Средняя зарплата врачей в 2,5 раза, учителей в 1,9 раза, милиционеров и военнослужащих в 2,1 раза. Средняя пенсия выросла с 2131 сомов до 4600 сомов. Пособия на детей-инвалидов выросли в 2,9 раз.

Кроме того, полным ходом идёт реформа и перевооружение армии. 

Все регионы республики скоро будут крепко связаны сетью автодорог и линиями электропередач. Ведутся масштабные работы по реконструкции ТЭЦ Бишкека и Токтогулки, начато строительство новых ГЭС и новых ирригационных каналов. 

В итоге в прошлом году международные финансовые институты перевели Кыргызстан из разряда бедных стран в разряд развивающихся стран. 

Мы знаем, что у нас в стране еще много проблем. Но мы знаем и как их решать, какой дорогой идти, у нас есть своя дорожная карта. И мы знаем, что главное для этого – мир и стабильность в стране. 

Возможно, лишь в одном нам надо было пойти по пути новых властей Украины. Надо было люстрировать и выгонять из страны тех, кто на протяжении пяти лет бессовестно очерняет события 7 апреля 2010 года и обеляет, обслуживает семейку беглого президента. 

Урматтуу мекендештер! 

Элибизде көч бара-бара түзөлөт деген сөз бар. Эң негизгиси өз жолубузду таап алдык. Ошол жолду элибизге 7-апрель ачып берди. 

Бала кезимде мен Максим Горькийдин Данко жөнүндө аңгемесин көп окудум эле. 

Данко эли караңгыда адашып, жол таппай калганда көкүрөгүнөн өз жүрөгүн сууруп чыгат. Данконун жүрөгү ошондо нур төгүп күйүп, анын жарыгында эли жолун таап аман калат. 

7-апрель шейиттери, - ошол кыргыз элинин данколору. Мындай жигиттери бар эл сөзсүз күчтүү, өнүккөн мамлекет кура алат. 

Элүү жылда эл өзгөрөт дейт. Биздин эл беш жылда эле катуу өзгөрдү. Анткени ошол күйүп кеткен жүрөктөрдүн жарыгы акты ак кылып, караны кара кылып көрсөттү. 

Бир эле мисал. Үй-бүлөлүк башкаруу Кыргызстанда кайра боло алат деп ким ишенет? Криминал «Ала-Тоо» аянтына келип Өкмөттү кайра коркутат деп ким ишенет? Уурулар, коррупция да ошол жүрөктөрдүн жарыгынан коркуп, ийиндеринде жашынып жатат, дымып, мурдагыдай мактанып, кычырабай. 

Ошондуктан мен элибиздин, жерибиздин келечегине ишенем. Элибиз быйыл мыкты парламент шайлайт деп ишенем. Элибиз эки жарым жылдан кийин мыкты жаңы Президентти шайлайт деп ишенем. 

Бир эле нерсени унутпасак. 

7-апрелди унутпасак. 

Ал эмнеге болгонун унутпасак. 

7-апрель шейиттерин унутпасак. 

Аларга дайыма таазим кылып жүрсөк! 

Рахмат”.

Источник: Сайт Президента КР