Пресс-центр Анонстор жана жарыялар

08.05.2017

Жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму

2017-жылдын 10-майында Талас шаарында Талас мамлекеттик Университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өтөт. Форум саат 10.00дө башталат. Иш чарага кыргыз Республикасынын Экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ ...
03.05.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын майына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын2017-жылдын майынаиш-чараларынын дайджести        3-май - “Балерина” китебинин презентациясы 3-майда саат 13-00дө Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек Хореографиялык окуу жайында «Балерина» аттуу жаңы балдар китебинин презентациясы өтөт. Фонддун демилгеси боюнча, китепти төмөнкүдөй мыкты чыгармачыл команда түздү: тексттин автору – Нурия Шагапова, сүрөтчү – Жылдыз Бекова, редактор-корректор – Татьяна ...
25.04.2017

Тосуп алгыла - «Балерина»!

Кымбаттуу достор!   «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 3-майда саат 13-00дө Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек Хореографиялык окуу жайында «Балерина» аттуу жаңы балдар китебинин презентациясы өтө тургандыгын кубануу менен билдирет.   «Балерина» - бийди сүйгөн, балет жана сахна жөнүндө эңсеген балдар менен кыздар үчүн гана эмес, ошондой эле өз мекени, анын мыкты жана талантуу адамдары жөнүндө, эмгек жана өжөрлүк жөнүндө, даңктын туу чокусуна карай ...
23.04.2017

V Билим фестивалынын программасы жана картасы

БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ - 2017 сергек жашоо ыңгайын андан ары алга илгерилетүүгө, дене тарбиясын жана спортту пропагандалоого, жарандарыбыздын маданий деңгээлин жогорулатууга жана өсүп келаткан муунду экологиялык жактан тарбиялоого багытталган.   Эки күндүк Фестивалдын алкагында белгилүү спортсмендер жана мастерлер менен жолугушуулар, ар кыл спорттук федерациялар менен таанышуу, лекциялар, мастер-класстар, "Жашыл маектешүү", Бишкек ...
22.04.2017

Мекендештерди волонтердук мейман лекцияларынын программасына катышууга чакырабыз

Урматтуу кесиптештер, өнөктөр, достор!Өлкөбүздүн эң жаркын касиеттеринин бири адамдык ресурс – ийгиликтүү интеллектуалдар, таланттуу инсандар – Кыргызстан жергеси дүйнөгө тартуулаган өлкөнүн чыныгы патриоттору болуп саналат. Алардын бардыгы, кайда болбосун, өз Мекени үчүн күйүп-бышат, аны өз жүрөгүндө сактайт.   «Мекендештер» – бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси, кайталангыс форматтагы жана ...
17.04.2017

Жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму

 2017-жылдын 20-апрелинде Баткен шаарында Баткен мамлекеттик Университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өтөт. Иш чарага кыргыз Республикасынын Экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуа, КР Өкмөтүнун ...
13.04.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Монтессори-педагогикасынын экинчи курсуна топтоону жарыялайт

Кымбаттуу достор!   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сизди Монтессори-педагогикасы боюнча экинчи курска чакырат, ал Кыргызстанда, Бишкек шаарында өтөт.   Монтессори-педагогикасы ЮНЕСКО тарабынан балага багытталган эң натыйжалуу, гумандуу педагогикалардын бири деп таанылган. Мария Монтессоринин методикасына дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө: Японида жана Түштүк Кореяда, Кытайда жана АКШда, Улуу Британияда жана Германияда, ...
11.04.2017

«Жакшы сөз айткым келет» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованын чыгармачылыгына арналат. “Жакшы сөз айткым келет” деп аталган бул поэзия кечеси ...
05.04.2017

Кыргызстандын теле- жана радиоэфиринин жылдызы Салтанат Саматова «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы долбооруна келет

Салтанат Саматованын ичке уккулуктуу үнү өзүнө тартып турат, адам анын мээримине бөлөнүп, угуп эле олтура бергиси келет. Миңдеген кыргызстандыктар «Европа плюс» радиосундагы анын жагымдуу үнү астында өсүп, шыктанып, саякаттап келүүдө. Миңдеген кыргызстандыктар аны тамада катарында өзүнүн иш-чарасына чакырууга ниеттенет, анткени ал ар кандай салтанатка көрк жана шаттык кошот, анан дагы Салтанат концертти да, теле-шоуну да таланттуу ...
04.04.2017

«Балдар филармониясы»: Барокко музыкасы - Франциянын жана Италиянын, Германиянын жана Австриянын монархтарынын ак сарайларында жаңырган музыка, бул Европа маданий жактан гүлдөп-өнүккөн доордун музыкасы

«Балдар филармониясы»    «БАРОККОНУН ГЕНИЙЛЕРИ» концерт-презентациясы    2017-жылдын 14-апрели, саат 11-00дө    Улуттук Филармониянын чоң залы       Программада барокконун генийлери – Иоганн Себастьян Бахтын, Георг Ф. Генделдин, Вивальдинин чыгармаларынан кыска үзүндүлөр.   Барокко музыкасы – Франциянын жана Италиянын, Германиянын жана Австриянын монархтарынын ак сарайларында жаңырган музыка, бул Европа маданий жактан гүлдөп-өнүккөн ...
31.03.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын апрелине иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2017-жылдын апрелине   иш-чараларынын дайджести 6, 13, 20-АПРЕЛЬ (бейшемби) - Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн билим кербени Убактысы: 12:00 Кайда: № 7, 60, 76 орто мектептери «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана 5 – ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»