Китепкананын ишин калыбына келтирели!

February 10, 2024, 06:02
Жумгалдагы өрттөнүп кеткен китепканаcы үчүн китептерди чогултуу акциясына Фонд да катышууда!

Бул айылдагы жалгыз китепкана болчу жана анын туруктуу окурмандары – балдар. Китепканага балдар үчүн адабият, детективдер, энциклопедиялар, илимий-таанытуучу адабияттар керек. Азыр ар бир китеп маанилүү!
"Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду Жумгалдын балдары үчүн "Өмүрү өрнөк инсандар" топтомундагы китептерин белекке берет! Эгер сиз да Жумгал китепканасы үчүн Фонддун китептерин алып берүүнү кааласаңыз, анда Фонд тарабынан чыгарылган китептерди 15% арзандатуу менен сатып алсаңыз болот.
Достор, эгерде силер да жардам колун сунгуңар келсе, анда:
Окуп бүтүргөн китептериңизди каалаган “Раритет” дүкөнүнө же БУУнун Үйүнө алып келсеңиз болот (дареги: Чүй, 160, кароолчунун жанына калтырсаңыз болот)
Фонд чыгарган китептерди 15% арзандатуу менен Чүй пр. 106 дареги боюнча Фонддун кеңсесинен алсаңыздар болот.
Китептер 2024-жылдын 14-февралына чейин кабыл алынат.
Китепкананын ишин калыбына келтирели!