Азаттыктын 60 жылдык юбилеине арналган куттуктоо сөзү!

June 13, 2013, 06:00

Бүгүн Азаттыктын 60 жылдыгы!   Өткөн кылымда коммунисттик системага, өзгөчө Советтер Союзуна каршы идеологиялык курал катары түзүлгөн радио, чынын айтайын, бизге деле угулбачы. Бизди уктурбашчы. Совет заманы жаман деп бүгүн деле бир да кыргыздын оозу барбайтко. Ал убакта “мобу мугалим кыргыз тилинде лекция окубаса – биз барбайбыз” - деп, менин студенттеримдин арасында Шайлообек Дуйшеев, Осмонакун Ибрагимов, Тынчтык Чоротегиндер каршы чыгып, менин тилимди кыргызчага бурушкан. 

 

20 жылдан бери Азаттык кыргыз тилин ааламга чыгарды, байытты, такшалтты. Кыргыз тил үйрөнөм дегендерге мен дароо эле кеңеш берет элем: эрте мененки жетиден баштап түнкү 10.30 чейин “Азаттыкты” уккула! Ошондо заманбап, бай, күчтүү, чырайлуу эне тилин үйрөнөсүңөр! 

 

1992 жылы Кыргызстандын Америкада биринчи элчилигин ачканы барып мен эң биринчи эле Азамат Алтай аксакал менен жолуктум. Ал киши, дал ушул “Мен ишенем, кыргыз эли жакшы жашап кетет” деген сөзүн айтып, анан пенсиямды балдарга жиберейин деп, экөөбүз жарым суммасын Каракол университети, жарымын – Жалалабат университетинин суденттерине деп, бөлүп, мен өзүм эки жолу алып барып бергем. 

 

Азаттык үчүн биздин эл күрөшкөн жок, бирок азаттыкты үйрөнүү 20 жылдын ичинде күн тартипте жогорку максат болуп турду. Кыргызстан эгемендик алган күндөн тарта Азаттык радиосу эл үчүн “демократия мектеби” болуп калды. Ал өткөн жылдарда эл менен ысык-суукка урунуп, тар жол – тайгак кечүү азабын чыдап келе жатат. Жакшы гезит же радио – бул качан улут эл өзү менен өзү суйлөшүп жаткандай дептир айтылуу Американын жазучуусу Артур Миллер. Болгонду болгондой чагылдырып Азаттык турмушта элдин көзү, кулагы, жүрөгү болгонго ээ болдуңар! 

 

Эл аралык журналистика стандарттарын көрсөтүп, күнүгө аны кармап, өлкөдөгү башка массалык медиа каражаттарынын деңгээлин алдыга тартып, эркин сөздүн эрежелерине баарыбызды үйрөтүп, ынандырдыңар. 

 

Силердин “жарым сааттык” формат кандай гана темаларды козгобойт. Акыйкат, Ак сөз, Ачык коомдун көптөн көп жол-ыкмаларын, секреттерин элге айтып берип, силердин радио коомдун пульсун кармап турганы, баарыбызга маалым. 

 

Бирок менин байкоом боюнча, экономика маселелерине көңүл жетишиксиз бурулууда. Ачка карынга демократия жакшы сиңбейт экен, муну турмуш тастыктап эле жатат. Элибиз кең-тоо иштерине компанияларды жолотпой, эл өзү кичине бизнеске үйрөнө албай, өздөрү массалык түрдө четке жумуш издеп сүрүлүп кетүүдө. Жарым миллион элибиз, Азаттыктын үнүнөн алыстап, башка жерлерде нан таап жүрүшөт. Аларды үйгө тартууга, ишкерликтин кандай жолдору бар, кантип жадагенде туризм, тейлөө тармагында бизнес курса болот. Жеке ишкер, үй-бүлө бизнеси, жаштар, аялдар, пенсионерлер, бир айыл чакан бизнести бутуна кантип койсо болот деген жакшы үлгү, сабактарды үйрөтсөңөр. 

 

Америка Кошмо Штаттарынын конгрессине чоң ыраазычылык биздин элден. 

 

Мамлекеттүүлүк бүгүн дагы бир чоң сыноодон өтүп жаткан кези. Бул жол бизге жарашпайт экен, биз буга даяр эмеспиз, бизге бир кишинин башкарганы жарашат деп бир топ саясатчылар элди козгоп жаткан кези. Биз да тажрыйба топтоп жакшы-жаманды салыштырып, дүйнө жүзүн аралап бүгүн айталабыз: коом демократияга өзүнөн өзү эле даяр болуп калбайт, ар бир эл демократия жолун өзү басып өтүш керек. Бул даяр рецепт, даяр система эмес. Бул күндөмкү машыгуу, тартип жана закон менен жуурулган жашоонун бир түрү. 

 

Демократиянын өмүрү аны коргоо үчүн кайраты бар инсандар көбөйгөн сайын жашай берет. Кыргызстанда демократия жашайт, күчөйт, гүлдөйт. Азаттык бар -демократия жашарат, узун өмүргө узарат.

 

Роза Отунбаева

7 Июнь 2013