«Аутизм. Аутисттикспектри бузулган балдар» лекция-семинары өттү

May 4, 2014, 06:00

2-майда Арабаев атындагы Кыргы мамлекеттик университетинин конференц-залында «Аутизм. Аутисттикспектри бузулган балдар» лекциясы өттү. 62 адам: мамлекеттик жана жеке балдар бакчаларынын, адистешкен балдар бакчаларынын педагогдору жана директорлору, «Сезим» кризистик борборунун логопеддери, психологдору, КРСУнун, КГУнунжана БГУнун окутуучулары, Арабаев атындагы КМУнун психология кафедрасынын студенттери лекциянын катышуучусу болуп калды.


Лекторлор төмөнкү төртөө болду: СадыковаДжылдыз – Аутист балдардын ата-энелеринин «Кол колдо» коомдук бирикмесинин төрайымы, ШевченкоНаталья - педиатр, психолог, «Кол колдо»аутизми бар балдарга жардам борборунункоррекциялык педагогу, Ольга Ярова–психологиянын магистри, АУЦА психология кафедрасынын улук окутуучусу. «Аутизмге жана АВА терапияга киришүү», «Өнүктүрүү психологиясы» жана башка курстардын окутуучусу, Асаналиева Анара -«Кол колдо» аутизми бар балдарга жардам борборунун директору.

 

Лекциянын жүрүшүндө төмөнкүдөй маселелер каралды:

 

• Аутизм. Дүйнөдө таралышы. Кыргызстандагы кырдаал.

• Аутизмдин белгилери. Сенсордук көйгөйлөр жана кабылдоонун жана өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү.

• Жүрүш-турушту коррекциялоонуннатыйжалуу ыкмасы катары колдонмо жүрүш-туруш талдоосу. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүнө аутисттиксиндрому бар балдарды кошуу.

• «Кол колдо» борборунда РАСы бар балдар менен иштөө тажрыйбасы. Ата-энелер мектеби. Тьютердин ролу.

 

Илимий изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча, дүйнөдө ар бир 68-адамда аутизмдин тигиндей же мындай белгилери бар. Ошол эле учурда 24 айга чейинки балдардагы эрте скрининг балдары социалдаштырууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Аутизми бар балдар, алда канча оор формасын кошпогондо, сүйлөө жана жүрүш-туруш жагынан алардын көйгөйлөрүнөн арылууга мүмкүндүк берген атайын педагогикалык ыкмалар бар болгон учурда демейки балдар бакчаларында жана мектептерде окуй алат.

 

Лекторлор соңку беш жылдын ичинде аутизм көйгөйлөрү жөнүндө коомдунмаалымдар болушу жагындагы кырдаал жакшы жагына өзгөргөнүн баса белгиледи – аутизм жөнүндө орус тилиндеги сайттар көп, аутизм көйгөйлөрү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын деңгээлинде иш-чаралар жүргүзүлүп турат. СоросФонду 34-орто мектепте аутизми бар балдар үчүн классты ачуу боюнча долбоорду колдоду, ал жерде аутизми бар 7-8 бала окуйт жана чет өлкөлүк адистердин колдоосу менен аутизми бар балдарды мектепке даярдоо жүргүзүлөт. Долбоордун алкагында ошондой эле тьюторлор даярдалат, алар аутизми бар балдарменен иштөөдө мугалимдерге жардам берет.

 

Келечекте Кыргызстандын региондорунда аутизми бар балдардын көйгөйлөрү боюнча маалыматтык кампанияларды жүргүзүүпландаштырылууда.

 

«Кол колдо» коомдук фонду педагогика жана психология факультеттери жана кафедралары бар бардык ЖОЖдорду келечекте аутизми бар балдардыокута ала турган мугалимдерди, психологдорду даярдоо жана кайра даярдоо боюнча биргелешкен иш үчүн кызматташууга чакырат.