Ачык билим берүү ресурстарын киргизүү темасы актуалдуу жана өз убагында болууда, анткени ал сапаттуу материалдарга жетүүгө жол ачат, – «Сорос-Кыргызстан» фондунун директору

April 29, 2014, 06:00

Ачык билим берүү ресурстарын киргизүү актуалдуу жана өз убагында болууда, анткени бул сапаттуу материалдарга жетүүгө жол ачат деп эсептейт «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов.

 

«Кыргызстанда ачык билим берүү ресурстарын киргизүүнүн келечеги боюнча кырдаалды талдоо» деген темада 29-апрелде Бишкекте болуп өткөн тегерек үстөлдө ал айткандай Интернет абдан жигердүү өнүккөн кийинки 10 жыл ичинде көптөгөн материалдар абдан кеңири белгилүү болуп калды.

 

«Мында ачык билим берүү ресурстарын өнүктүрүү үчүн туура мыйзамдык база маселеси турат» – деп белгиледи Ибрагимов.

 

Анын сөзү боюнча Сорос фонду бир катар ар кыл долбоорлорду колдоого алган. Мисалы, абдан кеңири белгилүү жана ачык-айкын «Кыргыз Википедиясы» долбоору. Киргизүүнүн келечеги боюнча кырдаалды бүгүнкү талкуулоо мүмкүнчүлүктөрдү жана мыйзамдардагы ачык билим берүү ресурстарын киргизүү принцибинин өзүнө тоскоол болуп жаткан боштуктарды жана чала иштелген жагдайларды көрсөтөт. Биз ишти ийине келтирүүгө жана мүмкүн болушунча жогорку деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз. Сорос фонду бул жумуштарды эң аз дегенде дагы 2-3 жылга чейин улантууга кызыкдар» – деди аткаруучу директор.