Бишкекте аутизм көйгөйү жөнүндө видеофильмдедин конкурсу өттү

April 7, 2014, 06:00

2-апрель – Аутизм жөнүндө маалыматты таратуунун бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул датага байланыштуу Кино үйүндө аутизм көйгөйүнө арналган видеофильмдердин жыйынтык көрүүсү болуп өттү.

 

Кинотеатрдын залы жыкжыйма болду, конкурстун катышуучулары жана келүүчүлөр көк кийим кийип жүрүштү, ошонун өзү менен аутизмден жапа чеккен адамдарга тилектештик жана колдоо көрсөттү. Меймандардын арасында КР экс-президенти Роза Отунбаева, ЖК депутаты Ыргал Кадыралиева жана режиссер Эрнест Абдыжапаров болду.

 

Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери Рустамова Асель менен Мокеева Бегимай конкурстун жеңүүчүлөрү болуп калды, алар «Аутисттер – көркөм өнөрдүн балдары» фильми үчүн 50 миң сом суммасындагы башкы байгени утуп алды.

 

Иш-чаранын уюштуруучусу, аутист балдардын ата-энелеринин «Кол колдо» коомдук бирикмесинин директору белгилегендей, дүйнөдө балдардын 1%ы аутизм менен ооруйт. Ал эми Кыргызстанда аутисттердин саны 20 миңге жетиши мүмкүн.

 

Аутизм – психикалык өнүгүүнүн катуу бузулушу, мында, эң ириде, баарлашуу, социалдык өз ара аракеттенүү кудурети жабыркайт.

 

Азыркы учурда Кыргызстанда аутист балдарды реабилитациялоонун жана дарылоонун бир гана адистешкен борбору бар, ал 2012-жылы «Кол колдо» бирикмесин ачкан. Борбордо ата-энелер өздөрү сабак окутат жана 30га жакын аутист бала окуйт. Бүткүл өлкө боюнча калган аутисттер адистердин жетишсиздигинен жана адистешкен борборлордун таптакыр жоктугунан улам башка психикалык оорусу бар сыркоолор менен бирге дарыланат.

 

Ата-энелер мындай иш-чаралар бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурат жана Кыргызстанда аутизм көйгөйү мамлекеттик деңгээлде чечилет деген үмүтүн билдирди.

 

 

Взгляд