Балдар китебинин эл аралык күнүндө «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү

April 3, 2014, 06:00

Бир жыл мурда Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча эң сыйкырдуу – «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»долбоору старт алган. Бул билим берүү-агартуу долбоору 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн түзүлгөн. Ар кыл муундардын аздектеген адамдары эң кичинекей окурманга кайрылышы болуп көрбөгөндөй окуя. Чоң жана таптакыр колу бошобогонкишилеркомпьютер – өтө пайдалуу нерсе экенин, бирок ал ооздон чыккан сөздү эч качан алмаштыра албастыгын жакшы түшүнүшөт.

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору – чоң залдардагы массалык оюн-зоок эмес, ал балдарменен театрдынжана телекөрсөтүүнүн, саясаттын, бизнестин жылдыздарынын ортосундагы дистанциясыз бейпил баарлашуу. Бардыгы көзмө-көз болуп өтөтжана кичинекей бала белгилүү адамдар анын өзүнө жомок окуп берип жатканын сезип турат. Мыкты сөздөрдү ал дал ошолордон угат. Дал ошолордун колунан, балким, өзүнүн өмүрүндөгү биринчи китепти алат. Бул өмүр бою эстен кетпей турган жакшы көрүнүш.

 

Кечээ, Балдар китебинин эл аралык күнүндө, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК)жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнынкызматкерлери кайрадан балдарга жомокторду окуп берди.

 

М.Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепте композитор Түгөлбай Казаковменен жолугушуу өттү, ал жатак мектептин тарбиялануучуларына «Кожожаш» дастанын окуп берди. Жолугушуу мээримдүү үй-бүлөлүк жагдайда өттү: балдар ТүгөлбайКазаков дастанды окуп жатканда кызыгуу менен укту, ал жөн гана окуп бербестен, ошондой эле окулгандарды түшүндүрүп, макал-ылакаптарды айтып, турмуштук тажрыйбасы менен бөлүштү. Китеп окуп бүткөндөн кийин балдар таасирленүүлөрүн канааттануу менен бөлүшүп, өз жомокторун айтып берди, суроолорго жооп беришти жана фонддон белекке китептерди алды.


 

Ошол эле учурда Ч. Айтматов атындагы шаардык китепканада балдарга мейманга "Биринчи радионун" башкы редактору Сыдыкбекова Таалайкүл Арыповна келди. Балдар жылдыз менен мындай баарлашууга өтө кубанычта болду жана жомокторду угуп, бул убакытты канааттануу менен өткөрдү.



 

№ 77 орто мектептин окуучуларына КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынынбашкы директору Оторбаев Кубат Табалдиевич барды, ал эми № 186 балдар бакчасында КТРКнын башкы директорунун радиоуктуруубоюнча орун басары Иманалиев Кайрат балдарга жомок окуп берди.