КР экс-президенти Р.И.Отунбаеванын Индияга жана ОЭАга визиттери болду

March 18, 2014, 06:00

2014-жылдын 13-14-мартында КР экс-президенти Р.И. Отунбаева Тынчтык жана туруктуу өнүктүрүү таламында билим берүү боюнча Махатма Ганди Институтунун башкармалыгынын директорлорунун жолугушуусуна катышты, ал Индиянын Дели шаарында өттү. Жолугушуу ЮНЕСКОнун калкасы астында өттү.


Тынчтык жана туруктуу өнүктүрүү таламында билим берүү боюнча Махатма Ганди Институту жаштардын аң-сезиминде туруктуу өнүктүрүү максатында билим берүүнү өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык борбор болуп кызмат кылат, ошондой эле туруктуу жашоо ыңгайын даңазалоо өбөлгөсү болуп саналат. Институт концепцияларды иштеп чыгуу жана адамдарга инвестициялоону негиздөө жагынан иш алып барат. Институт ошондой эле маданияттардын ортосунда туруктуу өнүктүрүүнү, өз ара түшүнүшүүнү жана өз ара урматтоону камсыз кылууга көмөктөшүү жагынан билим берүүнүн ролун бекемдейт.


2014-жылдын 16-17-мартында КР экс-президенти Р.И. Отунбаева ЮНЕСКОнун, ОАЭнин өкмөтүнүн жана ГЕМС Фондунун калкасында өткөн 2014-жылы Билим берүүнү жана Жөндөмдөрдү өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк Форумга катышты.


Форумга 7 президент жана премьер-министр, 32 билим берүү министри, эксперттер, эл аралык билим берүү лидерлери, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мектеп директорлору, квалификацияны жогорулатуу институттарынын жетекчилери жана адистери, педагогдор, бизнестин, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


Форум күндөрү билим берүү чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттердин элүүдөн ашык сөз сүйлөөсү, лекциялар, мастер-класстар жана долбоордук презентациялар болду.


Жеткиликтүү билим берүү, билим берүүнү өнүктүрүү жана жеке сектордун ролу, глобалдаштыруу жана мектептин улуттук мүнөзү, билим берүү деңгээлдерин дифференциациялоо көйгөйлөрү, XXI кылымда мугалимдин кесибинин өзгөчө сапаты, кыздар үчүн билим, заманбап технологияларды пайдалануу – негизги темалар жана топиктер ушулар, Форумдун иши ушунун айланасында жүрдү.


КР экс-президенти Р.И. Отунбаева мамлекет башчыларынын панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.


Панелдик сессиянын модератору Фарид Закария болду, ал эң кадырлуу жана атактуу америкалык саясий талдоочулардын бири, эл аралык мамилелер жагынан эксперт, Newsweek International жумалыгынын редактору.


 

 

 


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын басма сөз кызматы