ЖМКлар биз жөнүндө: Бишкекте «Өткөн кылымдын куурчактары» уникалдуу көргөзмөсү ачылды

February 28, 2014, 06:00

Экспозицияда бардыгы болуп ар кайсы жылдары жасалган 80ден ашык коллекциялык куурчак коюлган.

 

27-февралда Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде «Өткөн кылымдын куурчактары» көргөзмөсү ачылды, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурду.

 

Көргөзмө музейдин экинчи кабатында жакында Япониянын элчилигинин колдоосу менен ачылган япон куурчактарынын көргөзмөсүнүн жанына жайгашты.

 

Экспозицияда бардыгы болуп 80ден ашык куурчак коюлган, алар коллекционерлер: Татьяна Воротниковага, Зоя Мамбеталиевага, Мадина Тапаевага, Эрке Джумагуловага, Людмила Мартыненкого жана башкаларга таандык.

 

«Куурчак балдардын акыл-эсин жана жөндөмүн өстүрөт, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн ойготот. Куурчактардын көргөзмөсү, атап айтканда, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү үчүн жакшы оюнчуктар канчалык маанилүү экенине көңүл бурууга чакырылган. Ал 8-Мартка туш келтирилди. Бул жерде өтө сейрек кездешүүчү, баалуу экспонаттар коюлган, алар чындап эле көркөм өнөрдүн чыгармалары деп эсептелет. Алар муундан муунга берилет», - дейт «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун координатору Асель Джакыпбекова.

 

Дизайнер Татьяна Воротникованын куурчактар коллекциясы эң зор – 600дөн ашык куурчак.

 

«Алар дээрлик бүтүндөй бир бөлмөнү ээлейт – такталарда, тумбочкаларда, сандыктарда олтурат. Мезгил-мезгили менен алардын ордун которуштуруп турам. Куурчак менин колума тийгенде, аны реставрациялайм, чачтарын жасайм, көйнөгүн тигем, образын өзгөртөм. Ар бир куурчактын өз жашоосу бар», - дейт Татьяна.

 

Ал куурчактарды 15 жыл мурда, Европага баргандан кийин коллекциялай баштаган. Күндөрдүн биринде жайма базарда улуттук кийими бар, эски, сонун беш куурчакты көрүп калган. Ошол учурдан тартып аларды чогулта баштаган.

 

Татьяна эң сүйүктүү куурчакты бөлүп көрсөтө албайт. Мисалы, ага түйүндөрдөн жасалган куурчак баарынан жакшы көрүнөт. Анын өлчөмү алты сантиметр, бирок аны жасоого кыйла көп убакыт кеткен, ага Татьяна өзү көз салып турган. Коллекциядагы эң чоң куурчактын бою бир метр.

 

«Менин неберем ушул куурчактар менен чоңоюп-өстү деп айтсам болот. Ал ушул куурчактар чоң энемдики, аларды карап көргөнгө гана болот деп коллекцияга дайыма өтө аяр мамиле кылчу», - деп кошумчалады Татьяна.

 

Жеке ишкер Зоя Мамбеталиеванын куурчактар коллекциясы да көзгө көрүнөрлүк, ал көргөзмөгө өзүнүн жакшы көргөн 17 куурчагын алып келди.

 

«Менин куурчактарым Англиядан, Россиядан, АКШдан келген. Ар бир кыз куурчак менен ойногонду жакшы көрөт, мен болсо, кыязы, бала кезимде оюнум канбай калса керек. Эң жакшы көргөн куурчагымды үйгө калтырдым. Бул кадимки эле чүпүрөктөн жасалган, Россиядан келген Машенька аттуу куурчак», – деп айтты Мамбеталиева.

 

Эрке Джумагулова улуттук стилдеги кийиз куурчактарды жасайт, алар көпчүлүк өлкөлөрдө белгилүү. Мурда куурчактарды чийден жана кездемелерден жасачумун, ал эми жакындан бери кийизге өттүм дейт.

 

Көргөзмө 15-мартка чейин уланат.


Анастасия Ходыкина

Вечерний Бишкек