Роза Отунбаева, Эберт Фондунда сөз сүйлөп, немец компанияларына Кыргызстандын рыногуна жигердүү катышууну сунуш кылды

October 2, 2013, 06:00

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Германиянын эксперттик, ишкер жана илимий коомчулуктарынын, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ф.Эберт Фондунда сөз сүйлөдү.

 

Ардактуу меймандардын ичинде ФРГнын мурдагы юстиция министри Г.Дойблер-Гмелин, ФРГнын Кыргыз Республикасындагы мурдагы элчиси Фр.Айхингер, Германиянын араб өлкөлөрүндөгү мурдагы элчиси, профессор А.Зайферт, ФРГнын Грузиядагы мурдагы элчиси Д.Боден жана көптөгөн башкалар катышты.

 

Жолугушууну Фонддун жетекчиси Р.Шмидт ачты. Белгилүү немец саясатчысы, Бундестагдын депутаты Р.Муцених (2009-1013-жылдары Германиянын Бундестагында СДПГнын тышкы саясий спикери) саламдашып сөз сүйлөдү.

 

Өз сөзүнүн жана аудиториянын көп сандаган суроолоруна жооптордун жүрүшүндө Р.Отунбаева кыргыз коомун демократиялаштыруу боюнча институционалдык процесстерге Германия тарабынан алда канча таасирдүү колдоо көрсөтүү зарылчылыгына көңүл бурду. Экономиканын рыноктук принциптерин киргизүүнүн бир жактуу эместигине жана татаалдыгына көңүл буруп, немец компанияларын жана алдыңкы өндүрүүчүлөрдү Кыргызстандын рыногуна алда канча жигердүү катышууга чакырды. Р.Отунбаева бүтүндөй алганда жашоо-турмуштун бардык чөйрөлөрүндө жана өзгөчө социалдык чөйрөдө, анын ичинде мектепке чейинки тарбиялоо жана билим берүү жактарында жардам көрсөтүү зарылчылыгын баса белгиледи. Андан ары оратор «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду турмушка ашырып жаткан балдарды маданий-эстетикалык тарбиялоо боюнча долбоорлор, мектепке чейинки билим берүүнүн оорчулуктары жана новатордук ыкмалары, бул категориядагы балдарды мектепке даярдоо жөнүндө билдирди. Үстүбүздөгү жылдын ноябрында эл аралык фонд ачыктык маселелери боюнча семинары уюштура тургандыгына көңүл бурду. Р.Отунбаева сөз сүйлөгөндөн кийин подиумдук дискуссия болду, анын жыйынтыктары боюнча көп сандаган суроолор берилди жана региондогу кырдаал, Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна мүмкүн болгон мүчөлүгү, КРнын жана КЭРдин эки тараптуу мамилелери жагынан комментарийлер берилди.

 

Жолугушуу КР экс-президенти Р.Отунбаеванын Германия Федеративдүү Республикасына жумушчу визитинин жана «Өлкөнү чыр-чатактан экономикалык кайра жаралууга карай кантип алып чыгуу керек» деген темадагы борбордук сессияда сөз сүйлөө менен Киль шаарындагы 6-глобалдык экономикалык симпозиумдун ишине катышуунун алкагында өткөрүлдү.

 

Маалымкат: Глобалдык экономикалык симпозиум (GES) Дүйнөлүк экономика институтунун (Киль шаары, Германия), Бертельсман Фондунун жана Германиянын Экономика боюнча Улуттук Китепканасынын биргелешкен күч-аракети менен уюштурулган. Еврокомиссиянын Президенти Х.М.Баррозу симпозиумдун туруктуу төрагасы болуп саналат. Конституциялык кеңештин ардактуу төрагасы болуп Германиянын мурдагы Канцлери Г.Шмидт саналат. Симпозиумдун директору болуп Киль дүйнөлүк экономика Институтунун Президенти Д.Сноуэр саналат.

 

Жыл сайын иш-чарага 400дөн ашык өкүл катышат, алардын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаттары, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн өкмөт мүчөлөрү, ЕС комиссарлары, академиктер жана башкалар бар. Азыркы жолугушуунун темасы «Ийгиликти кайра карап чыгуу», үстүбүздөгү жылы 600гө жакын катышуучу күтүлүп жатат, алардын ичинде, алдын ала маалымат боюнча, Дж.Акерман («Цюрих» камсыздандыруу компаниясынын башкармалыгынын төрагасы. Швейцария), Я Френкель ( «JP Morgan Chase» компанияларынын труппасынын төрагасы, АКШ), И.Турхан (Стамбул шаарынын Фонд Биржасынын башкармалыгынын төрагасы, Түркия), М.Ахтисаари (Финляндиянын мурдагы Президенти, Нобель сыйлыгынын лауреаты), E.К.В. Т.Альфайсал Альсауд (Сауд Аравиясынын ханзадасы, Король Файсалдын фондун негиздөөчү). В.Кок (Мадрид Клубунун Президенти) бар.