Курмандыктан телефон чалууну же кайрылууну алгандан кийин зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттин мүчөсү эмнени жана кандай ырааттуулукта жасоого тийиш?

April 2, 2024, 07:50

28- жана 29-мартта Байтик айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитети (ҮЗАК) үчүн семинарлар өттү. Катышуучуларга төмөнкүдөй темалар өтүлдү: Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча чакыруу учурунда ҮЗАКтын аракеттеринин схемасы – үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгынан телефон чалууну же кайрылууну алгандан кийин комитеттин мүчөсү эмне кылууга тийиш. Бул тема да оюн сценкаларынын жүрүшүндө бекемделди, ал жерде семинардын катышуучулары жабыркаган адамдын жана ҮЗАКтын мүчөлөрүнүн ролдорун ойноду.

 

Ошондой эле машыктыруучу Гульбарчын Жумабаева үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана кайтаруу боюнча КР мыйзамдары деген темада презентацияны сунуш кылды. Бул темадан кийин катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана кайтаруу чөйрөсүндө иштеп жаткан субъекттердин ар биринин ыйгарым укуктарын жана функцияларын топтордо өз алдынча жазууга тийиш болчу. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук учуру боюнча кайрылган учурда ички иштер органдарынын кызматкери эмне кылууга тийиш, социалдык кызматкер эмне кылууга тийиш, медициналык кызматкер эмне кылууга тийиш, адвокат же юрист кандай жардам көрсөтө алат. Андан кийин катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулук болуп өткөн жерге барганда же курмандык ҮЗАКтын мүчөлөрүнүн бирине кайрылган учурда ҮЗАКтын мүчөлөрү кандай жана кайсы тартипте өз ара аракеттене тургандыгы менен таанышты.

 

Кайрылган учурда ҮЗАКтын мүчөлөрүнүн аракеттеринин схемасы жөнөкөйлөтүлгөн түрө төмөнкүдөй:

 

1) Жабырлануучудан телефон чалууну алган ҮЗАКтын мүчөсү ФАЖны, даректи журналга жазууга, медициналык жардам керектигин же жоктугун аныктоого, 102 же 112 боюнча милицияга чалууга жана, эгерде телефон чалуу же кайрылуу 22.00дөн кийин келип түшсө, милициянын кызматкери же милициянын эки кызматкери менен бирдикте көрсөтүлгөн дарек боюнча барууга тийиш.

 

2) Жеринде милициянын кызматкерлери агрессорду курмандыктан тез арада бөлүүгө тийиш. Агрессорду милиция 3 саатка ички иштер бөлүмүнө жайгаштырат. Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы менен маектешүү учурунда ҮЗАКтын мүчөсү медициналык жардам керектигин же жоктугун тактайт, болуп өткөндөрдүн майдабараттарын тактайт, жабыркаган адамга жашап туруу үчүн коопсуз жерди (кризистик борбор же ишенимдүү адам/тууганы) камсыз кылат, ошондой эле алгачкы зарыл жардамды көрсөтөт.

 

Ошондой эле семинарлардын катышуучулары – «Гендердик зомбулуктун психикалык кесепеттери» жана «Зордукчунун портрети» деген темалар менен таанышты.

 

Тилекке каршы, үй-бүлөлүк зомбулук темасы күн сайын ырасталып жатат. Алсак, ҮЗАКтын мүчөлөрү үчүн семинарлардын учурунда эки кайгылуу окуя болуп өттү, жаш келин каза болду жана 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысынын бети ачылды, ал кыз бир жыл бою зордуктоого кабылган. Тилекке каршы, кыйла көпчүлүк адамдар болуп өткөн окуя үчүн курмандыктарды айыптоого шашылат. Ошондуктан ата-энелердин, мектеп окуучуларынын арасында, кыз-келиндердин жана эркектердин арасында, уюмдарда кеңири түшүндүрүү ишин жүргүзүү маанилүү. Дал ушул үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттердин ар бир мүчөсү үчүн иштин маанилүү бөлүгү.

 

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жаңы комитеттер үчүн семинарлар «Үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу жана алдын алуу үчүн Чүй областынын ҮЗАК мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу» долбоорунун алкагында АКШнын КРдагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен өтүп жатат.