Баткен жана Лейлек райондорунда конок үйлөрүн ачуу, тейлөө жана туризмди өнүктүрүү боюнча окутуулар өткөрүлөт

October 23, 2023, 10:09
Баткен жана Лейлек райондорунда конок үйлөрүн ачуу, тейлөө жана туризмди өнүктүрүү боюнча окутуулар өткөрүлөт. Окутуулардын жыйынтыгында конок үй ачууну пландаган катышуучуларды ар тараптуу колдоолор каралган. Бул иш-чаралар "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында өткөрүлмөкчү. Долбоордун максаттарынын бири жигердүү аялдардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу процессине катышуусун жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун алкагында климаттын өзгөрүүсүн эске алган айыл чарба, туризм, билим берүү тармактарындагы жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелер колдоого алынат. Кыргызстандын бир канча региондорунда конок үйлөрү ийгиликтүү иш алып барып, туризмдин өнүгүүсүнө салып кошууда. Бирок тилекке каршы Баткен облусунун калкы бул багытта кошумча билимге жана тажрыйбага муктаж. Облуста жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкталган туризм багытын өнүктүрүү жашыл экономикага, климаттын өзгөрүүнө даяр болууга жардам бермекчи. Учурда окутуу жана кийинки кадамдар боюнча Кыокутуулар өткөрүлөт. Окутуулардын жыйынтыгында конок үй ачууну пландаган катышуучуларды ар тараптуу колдоолор каралган. Бул иш-чаралар "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында өткөрүлмөкчү. Долбоордун максаттарынын бири жигердүү аялдардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу процессине катышуусун жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун алкагында климаттын өзгөрүүсүн эске алган айыл чарба, туризм, билим берүү тармактарындагы жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелер колдоого алынат. Кыргызстандын бир канча региондорунда конок үйлөрү ийгиликтүү иш алып барып, туризмдин өнүгүүсүнө салып кошууда. Бирок тилекке каршы Баткен облусунун калкы бул багытта кошумча билимге жана тажрыйбага муктаж. Облуста жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкталган туризм багытын өнүктүрүү жашыл экономикага, климаттын өзгөрүүнө даяр болууга жардам бермекчи. Учурда окутуу жана кийинки кадамдар боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаменти, Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фонду, Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясы, Юнисон Групп жана Баткен облустук мамлекеттик органдары менен жолугуушулар өткөрүлдү.

"Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн" долбоору "БУУ-Аялдар" түзүмү, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Тынчтыкты куруу Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.