БУУнун Миссиясынын башчысы Афганистанга жардамды жана афган кыздарына билим берүүнү талибдер менен талкуулады

October 17, 2022, 23:18

БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча жаңы атайын өкүлү Роза Отунбаева талибдер башкарган өкмөттүн жогорку кызматтагы чиновниктери менен жолугушту, деп билдирди БУУ 16-октябрда. Билдирилгендей, тараптар «маселелердин кеңири чөйрөсүн», анын ичинде Афганистанга эл аралык көмөктөшүүнү, ЖМКнын укуктарын, кыздарга билим берүүнүн маанилүүлүгүн, башкарууга айымдардын катышуусунун зарылчылыгын, баңгизаттын көйгөйүн талкуулады. 


БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча Миссиясынын (UNAMA) маалыматтары боюнча, Кабулга өз визитининн учурунда Роза Отунбаева башкалардын арасында талибдердин өкмөтүндө премьер-министрдин орун басарынын милдеттерин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин милдеттерин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен айрым жолугушууларды өткөрдү. Тараптар Афганистандын эли «кабылып жаткан өтө маанилүү маселелерди чечүү үчүн тыгыз кызматташтык жөнүндө макулдашты», деп айтылат UNAMA’нын билдирүүсүндө.

 

Афган ЖМКлары талибдердин тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө таянуу менен билдиргендей, министрликтин сүйлөшүүчүлөрү жолугушууда Афганистан жана дүйнө жүзү «жакындашуусуна жана бири-биринин артыкчылыктарын, шарттарын жана суроо-талаптарын түшүнүүсүнө» убакыт жетти, ал эми UNAMA «буга жетише алат» деп билдирди.


Роза Отунбаева афган элинин артыкчылыктарын аныктоо зарылчылыгын ырастады жана афгандыктар кабылып жаткан кечиктирилгис көйгөйлөрдү чечүү үчүн тыгыз кызматташтыкка макул болду.