Бул жылы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы жети “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” ачылып иштөөсүнө көмөк көрсөттү

August 15, 2022, 07:21

Бул жылы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы  жети “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” ачылып иштөөсүнө көмөк көрсөттү. "Кыргызаэронавигация"  ишканасынын көмөгү менен  Алай районундагы «Кабылан-Көл», Кара-Буура районундагы «Ажике», «Сейил», «Кызыл-Булак», «Сары-Күнгөй», М. Калбаев атындагы өнүгүү борборлору жана Чаткалдагы  “Бала Нур” борбору   керектүү канцелярдык буюмдар менен камсыз болушту.


Үй-бүлөлөрү мал чарбачылыгы менен алектенип, сезондуу жайыт которгон  балдар  жайыт которуу учурларында  аярлуу катмарга айланышат. Балдар жайлоолордо үй-бүлөлөрү менен 4-5 ай жашап, алардын келечеги үчүн маанилүү болгон керектүү билим алуудан четте калышууда.Тоолуу райондордогу эрте курактагы балдарды өнүктүрүү Кыргызстандын тоолуу  аймактарынын климатын коргоо жана туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча программаларды ишке ашырууда маанилүү роль ойнойт.                                           


Климаттык туруктуулукту камсыздоо, жаратылыш байлыктарын коргоо максатында 2022-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан “Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулугун коргоо жылы” деп жарыяланган.  Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун 2022-жылдын 16-декабрындагы Генералдык Ассамблеянын 76-сессиясында  2022-жылды “Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы”деп жарыялоо боюнча резолюция кабыл алынган.Тоолордун экосистемасынын жана климаттык туруктуулугун өнүктүрүүдө жергиликтүү калк, анын ичинде өсүп келе жаткан муун өзгөчө роль ойнойт.            


2014-жылдан тартып Фонд  мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында, үй-бүлөлөрү менен жайкы мезгилде жайлоолордо жүргөн балдар үчүн “Жайлоо бала бакчалары” долбоорун ишке ашырып баштаган. Бул программа  убакыттын өтүшү менен “Жайлоо өнүктүрүү борборлоруна” айланды.  8 жылдык иштин жыйынтыгында 16000 миңден ашуун бала,6000 миңден ашуун ата-эне жана 1400 педагог  программанын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышты.  

           

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасына Кыргызстандын бийик тоолуу райондорундагы балдардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.