«Конушумда таза аба» долбоорунун алкагында тренингдер аяктады

August 4, 2022, 00:49

Бишкек шаарынын айланасындагы турак жай конуштарынын тургундары үчүн төмөнкүдөй темалар боюнча тренингдердин сериясы аяктады: «Коомдун турмушунда экологиянын ролу жана мааниси», «Экологиялык багбанчылык жана органикалык дыйканчылык», «Турмуш-тиричиликтин калдыктарын кыскартуу жолдору жана реалдуу шарттарда жашоо-тиричиликтин коопсуздугу», «Компосттук аңды даярдоо боюнча мастер-класс» жана «Долбоорлорду жазуу боюнча окутуу». Долбоорго Бишкек шаарынын 44 турак жай конушу, ошондой эле Өскөн-Ордо жана Ак-Жар турак жай конуштары катышты. Турак жай конуштарынын 1000ден ашык тургундары долбоордун максаттары жөнүндө билди, ал эми 450 адам коомдун турмушундагы экологиянын мааниси менен тааныштыруу боюнча окутуудан өттү.


Ошондой эле 2 жана 3-августта иш-чаралар өттү, аларда квиз-викторина, утуштарды ойнотуу, катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу аземи өткөрүлдү.


«Конушумда таза аба» долбоорунун андан аркы иши өтүнмөлөрдүн (долбоорлордун) формаларын чогултууда турат, алар Миграция боюнча эл аралык уюмга берилет. Миграция боюнча эл аралык уюм 10 000 доллардан финансылана турган 5-7 долбоорду тандоо боюнча атайын комиссияны түзөт. Долбоордук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2022-жылдын 20-августу.


Эске сала кетсек, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Инновациялык борбор» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен «Конушумда таза аба» долбоорун ишке ашырып жатат. Миграция боюнча эл аралык уюм экологияны жакшыртууга багытталган долбоорлорго 65000$ өлчөмүндө грант берет. Конкурска «Конушумда таза аба» долбоорунун катышуучулары катыша алат.


Долбоордун максаты абанын булганышын четтетүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө тренингдерди өткөрүү аркылуу Бишкек шаарынын турак жай конуштарында жашап жаткан ички мигранттардын маалымдар болушун жогорулатуу жана алардын потенциалын арттыруу болуп саналат.