Пресс-релиз Кыргыз Республикасынын БУУ жана Башка Эл Аралык Уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Экс-Президент Р. Отунбаева Женевага иш сапары жөнүндө

September 6, 2013, 06:00

2-3 сентябрда 2013 жылы Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Роза Отунбаева Эл Аралык Жашыл Кресттин 20 жылдыгына арналган юбилейдик чараларында катышты. Майрамдоолордун алкагында экспозициялар, маданият салтанаттар жана саясий дискуссиялар уюштурулду.


Окуялардын эң маанилүү катарында көрүнүктүү ишмерлерди жана уюмдарды алардын чукул экологиялык абалдарды алдын алоо жана таасирденденүү иштери үчүн «Жашыл Жылдыз» (Green Star Award) менен сыйлоо церемониясы болду.


Эл Аралык Жашыл Крест - бул СССРдин мурунку Президенти Михаил Горбачев 1993 жылы Рио-де-Жанейро, Бразилиядагы өткөн экологиялык конференциядан кийин уюштурулган эл аралык бейөкмөт уюм. Уюмдун штаб-квартирасы Женевада жайгаштырылган, филиалдары 30 өлкөлөрдө бар, АКШ, Латин Америка, Азия, Батыш жана Чыгыш Европа өлкөлөрдө кошумча.


Эл Аралык Жашыл Крестин юбилейдик чаралардын негизки максаты биздин планетабыздын стабилдилүүгүнө жана ден солугуна коркунучтуу айлана чөйрөнүн абалы начарлоолордун алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.


Дүйнөлүк коомчулуктун көрүнүктүү башка өкүлдөрү менен катарында Эл Аралык Жашыл Крестин Генералдык Ассамблеясын СССРДын акыркы президенти М.С. Горбачев жана Полшанын мурунку Президенти Лех Валенса ачып беришти.


Роза Отунбаева «Жер боюнча көйгөйлөр жөнүндө диалог» деген негизки чарасында жыйынтыктарын чыгарып сүйлөдү.


Кыргызстандын экс-президенти Р.Отунбаева иш сапары жүрүшүндө Швейцариянын Тышкы иштер министирлигин Мамлекеттик катчысы И.Россье менен, Швейцариянын Өнүгүү жана эмгектешүү агентствонун миграция боюнча кызматчылары менен кезигишүүлөрдү өткөрүп, мектеп жана мектепке чейнки окуу көйгөйлөрдү Кантондун башталгыч билим Генералдык дирекциянын, аны менен бирге ЮНИСЕФтин Женевадагы регионалдык офистин жетекчилери менен талкуулап кетти.