Караколдо Р.Отунбаеванын катышуусунда мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү

August 21, 2013, 06:00

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында В.И.Ленин атындагы орто мектепте шаар мугалимдеринин август кеңешмеси болуп өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, шаардын мугалимдери, облустук, шаардык билим берүү бөлүмү, өкмөттүн Ысык-Көл облустук ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары катышты. Бул туралуу аймактык кабарчы Сайкал Аттокурова билдирди.

 

Кеңешменин максаты - өтүп кеткен жылды анализдөө, жаңы окуу жылга болгон даярдыктарды талкулоо болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдер баланын өнүгүшүнө карата өздөрүнүн эмгектерин окушту.

 

Жыйында Р.Отунбаеванын демилгелери коомдук фондунун кызматкерлери келип, окууларды жүргүзүштү. Ал эми облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Урумов облустун билими туралуу жалпы катышуучуларга маалымат берди.


Баракелде