Кыргыз Республикасынын экс – президенти Р. Отунбаева Сан Хозедеги (Коста Рика) БУУнун Дүйнө университетинин Кеӊешинин жыйынына катышты

July 2, 2013, 06:00

Кыргыз Республикасынын экс – президенти Р. Отунбаева Сан Хозедеги (Коста Рика) БУУнун Дүйнө университетинин Кеӊешинин жыйынына катышты.


1980 – жылда курулган Дүйнө университетинин БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан тастыкталган уставы бар. Университетти Кеӊеш башкарат, ал кеӊеш коопсуздук жана тынчтык көйгөйлөрү боюнча эксперттер тобунан түзүлөт. Кеӊештин мүчөлөрү БУУнун Башкы Катчы тарабынан бекитилет.

 

Дүйнө университети бүт континенттерден келген жаштарга тынчтык, өнүгүү жана коопсуздук боюнча мастер жана доктор даражаларын алганга мүмкүнчүлүк берет.

 

Университеттин окуу борборлору жана программалары (Женева, Нью-Йорк, Аддис-Абеба, Манила, Белград) арасынан акыркы жылдары Борбордук Азия программасы да иштеп келатат. Ушул программа боюнча биздин региондун өлкөлөрүнөн чыккан жаштар магистр даражасына ээ болушту. Кеӊештин жыйындары көбүнчө Университеттин Коста Рикадагы кампусунда бир жылда бир өтөт.