Отунбаева: Бийлик чечкиндүү кадамга барууга тийиш

June 4, 2013, 06:00

Жети-Өгүздөгү окуяларга байланыштуу "Азаттык" Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаевага бир катар суроолор менен кайрылды.


"Азаттык" : Жети-Өгүздөгү окуя, сиздин оюңузча, бул капыстан чыктыбы же алдын ала даярдалган иш чарабы?

 

Роза Отунбаева: Менимче, бул азыркы бийликти кулатуу үчүн алдын ала дыкат даярдалган операция. Жазында реванш алуу аракеттери ордунан чыкпай калгандан кийин мурдагы бийликтин "куйруктары" жана жаңы шакирттери Кумтөрдү бетине кармап чыга келди.

 

Кумтөр алтынынын үлүшү Кыргызстан менен чет жердик компаниялар ортосунда башынан эле адилетсиз бөлүштүрүлүп калган. Мурдагы качкын бийликтер биздин улуттун бай кен жайын өз билгениндей сатып, өз чөнтөгүн да унутпай, адамдарыбызды терең ыза кылып койгондуктан кечире албай келатат. Куулуп кеткендер менен алардын шакирттери адамдардын дал ушул сезимине ойноп жатышпайбы.

 

“Азаттык”: Сарууда, андан соң Барскоондо чогулгандарга бийликтер кайдыгер, тоотпогондой мамиле кылды деп жатышат. Сиздин оюңузча, бийликтер кандай чараларды көрүшү керек?

 

Роза Отунбаева: Азыркы окуялар - Кыргызстан мамлекет болобу же жокпу деген дагы бир сыноо. Бул өтө оор сынактан биргелешип өтпөсөк, чачырап жок болобуз. Мындай кырдаалда президент чечкиндүү кадамдарга барып, көзөмөлдү колуна алууга тийиш. Анда президенттин кадамын эл колдойт.

 

Ысык-Көлдүктөр да бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, кырдаалды тынчтандырууга аракет кылышы керек. Чукул кырдаалда мамлекет башчысы облустук, райондук деңгээлде кадрларды алмаштырып, орчундуу орундарга кадыр-барктуу, элге сөзү өткөн адамдарды дайындоосу кажет.

 

Өкмөт бул кырдаалда чабалдыгын көрсөттү. Өкмөт мүчөлөрү борбордо отуруп албай, жер-жерлерге барууга тийиш, кызматын эл менен ишинде акташы абзел.

 

Мына парламенттин да сынактан өтө турган сааты келди. Парламентаризм – бул бир гана кызматтарды бөлүштүргөн базар эмес. Алар көтөргөн кадрлардын баркы барбы же жокпу, колунан иш келеби же жокпу - аны кырдаал көрсөтөт. Фракциялар мындай оор учурда кайым айтышын токтотуп, көпчүлүк коалиция кырдаалды көзөмөлдөө үчүн парламентти бириктирүүгө тийиш. Эгер депутаттар үчүн мамлекеттүүлүк эч нерсеге татыбаган нерсе болсо, алар оппозицияга кошулуп кырдаалды чайпоого барса, анда биз бул парламентти таркатууга барышыбыз керек болот.

 

Биз жардын кырында турабыз. Бийлик күчүн колдонуу эч качан кеч болбойт. Антпесек эски кейпибизге түшүп, бардык эркиндиктерибизден кол жууйбуз. Баарыбыз сабыр күтүп, терең ойлонолу.


Азаттык