Ошто ВИЧ илдетине чалдыккандардын үчүнчү Улуттук форуму өттү (видео)

May 16, 2013, 06:00

Ошто ВИЧ илдетине чалдыккандардын үчүнчү Улуттук форуму өттү. Иш чара экс-президент Роза Отунбаева, БУУнун өнүктүрүү программасы менен ВИЧке чалдыккан жарандардын ассоциациясы катышууда. Форумда козголгон маселелер жана талкуулар кабарчыбыз Авазбек Айтиевдин материалында. 2007-жылы Мадинанын бир жаштагы баласына райондук бейтапканадан ВИЧ оорусу жуккан. Азыр ал мектеп жашына келди. Эне үчүн баласын багып чоңойтуу оор сыноо болду.

 

Мадина ВИЧ илдетине чалдыккан баланын апасы: “Биздин коомчулук ВИЧке чалдыкандарды кысымга ала берет. Балдар бакчасына, мектепке балдарды кабыл алышпайт. Ал эми мамлекет бизге болгону 3 миң сом жөлөк пул төлөйт. Бул эч нерсеге жетпейт. Балдар кээде ооруп калат, ал убакта күчтүү тамак берип турушубуз керек.”

 

Республика боюнча ВИЧ илдетине чалдыккан 4 745 адам бар. Алардын 435и жаш балдар. Мындай балдарга кандай жардам берүү керек деген суроого бүгүнкү форумда жооптор изделди.


Роза Отунбаева, Экс-президент: "Бул суроону коомдук, мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыгуу үчүн мен колдон келген аракетимди жасайм. Бул аракеттер көпчүлүктүн түшүнүү менен мамиле кылуусун жакшыруу үчүн керек. Толеранттуулук үчүн керек. Бул илдетке чалдыккандарды өгөйлөбөөгө үйрөнүшүбүз керек".


Бул илдетке чалдыккандардан оолак болуу, өзүн алыс кармоо сыяктуу мамиле сакталгандыктан, ВИЧке кабылгандар коомдон жашырынууга мажбур болот.


Үмүтай Чокморова, СПИДди алдын алуу борборунун башчысы: “Эң чоң маселе, бул өзүн ала качуу жана басмырлоо. Эл арасында көбүнчө бул илдет жөнүндө кенири маалымат жок. Жыйытыгында ажырашуулар жана таштанды балдар көбөйүп баратат.”))

Статистика көрсөткөндөй, Кыргызстан ВИЧ илдети тез өнүккөн жети мамлекеттин катарына кошулган. Маселен Ош облусу жана Ош шаарында 1 900 адам коттоого алынган. Алардын ичинен 50 пайызын 25 жашка чейинки жаштар түзөт.


Үмүтай Чокморова, СПИДди алдын алуу борборунуну башчысы: “Россияда эмгек мигрантарынын арасында ВИЧ илдети менен жүргөндөр аныкталса, дароо өлкөдөн чыгарылат. Ошондуктан көптөр текшерилбейт. Качан гана ооруп калганда кайрылышат. А бул жактан алардан ВИЧти жугузуп алганынын аныктайбыз.”


ВИЧтин жайылуусунун башкы себеби миграциянын өсүшү, бангичилик жана эл арасында маалыматтын жоктугу.


Роза Отунбаева, Экс-президент: "Көпчүлүк мигрантар оорунун келип чыгышын шарттап жатат. Күйөөсү аялына жуктуруп, андан баласына өтөт. Ошондуктан биз мектептен баштап алдын алуу иштерин жүргүзүүбүз зарыл. Анткени жогорку класстын балдары эртең эле чет өлкөгө барышы ыктымал. Алар бул нерсени билиш керек.”


Түшүндүрүү иштерин колго алууда бир гана даарыгерлерге милдет жүктөлбөшү керек. Элдин саламатыгы үчүн мамлекеттик кызматкерлер, белгилүү маданият кызматкерлери жана дин өкүлдөрү да жардам берүүсү абзел дейт Роза Отунбаева. Мындан улам бул жолку форум “Бирдиктүү болуу, биздин күчүбүз!”-деген аталышта өттү.




Аваз Айтиев,Ибрагим Ашуров Коомдук Биринчи Канал.Ош шаары.