“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан уюштурулган билим фестивалы жемиштүү аяктады (видео)

May 20, 2013, 06:00

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан уюштурулган билим фестивалы эки күнгө уланды. Өлкөнүн булуң бурчунан келген жаш өспүрүмдөр үчүн ар кандай кароо-сынактар, концерттер өткөрүлүп, көргөзмөлөр уюштурулду. Иш-чарага жалпы эсеп менен 50 миңдей адам катышты.


Шуурудан, соподон, кагаздан жасалган буюм-тайымдар. Мунун баардыгын өз колу менен жасаганды Чолпонай дал ушул билим фестивалдын алкагында үйрөнө алды. 12 жаштагы Чолпонай Ысык-Көлдүн алыскы Кызыл-Туу айылынан фестивалга катышуу үчүн атайын келиптир.


Фестивалдын катышуучусу Чолпонай Кубатбек кызы: “Бул фестивал абдан жагып жатат. Себеп дегенде бул жерден көптөгөн мастер класстарды көрүп, өзүбүзгө билбегендерди үйрөндүк. Бул жерден ар кандай мастер класстарды ар кандай шурууларды кантип жазоо үчүн ар кандай чоподон бир нерселерди жазоону жана ошондой эле кийинден ар кандай сувенирлерден жазоону үйрөндүк”.


Чолпонайга окшогон жаш өспүрүмдөр үчүн фестиваль пайдалуу экени талашсыз. Эки күнгө созулган иш чара учурунда балдар үчүн ар кандай оюн-зооктор уюштурулду. Ошондой эле, кол өнөрчүлүк, ыр бий, шахмат ойнолуп, көрөзмө ачылды. Бир сөз менен айтканда, жаш бөбөктөр бири-бири менен жакындан таанышып, билим денгээлин жогорулатууга шарт түзүлдү.


1- “Мен сүрөт тартканды жакшы көрөм келечекте сүрөтчү болгум келет.”


2- “Бийлегенди жакшы көрөм мурда эле бийлеп баштагам. Фестивалга көп бизди чакырда барабыз”.


Өлкөдөгү жаш өспүрүмдөрдүн башын бириктирген иш-чарага өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева дагы күбө болду. Фестиваль бир эле учурда тарых музейинде, кыргыз-орус драма театрларында жана балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда өттү.


Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев: “Бул фестивал борбордо бир эле жолу өтпөй бул системалуу болуш керек. Облустарда райондордо өткөрүш керек".


Билим фестивалынын алкагында 500 дөн ашуун ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, ага 50 миңден ашык адам катышты. Келген меймандар мындай иш-чаралар дагы да улана берет деген үмүттө.


 


Нургүл Раисова, Нуркамил Асанов КБК.
КТРК