Р.Отунбаева ОшМУнун эмгек жамааты менен жолугушту

May 20, 2013, 06:00

17-майда Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева окуу жайдын жамааты, башталгыч мектептердин мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары жана жетекчилери, билим берүү башкармалыктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

 

Иш-чара «Р.Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун уюштурган иш-чараларынын алкагында өттү. Экс-президентти алгач ОшМУнун жетекчилик курамы менен ОшМУнун ректору К.Исаков тосуп алып, окуу жайдын музейи менен тааныштырды.

 

Негизинен башталгыч билим берүүгө жана бала бакчалардын ишин жакшыртууга арналган жыйында Р.Отунбаева адамды кенже жаштан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө жана бул багытта өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана бала бакчалардын жалпы эле билим берүүнүн ишин жакшыртуу үчүн жасалып жаткан жумуштар, Кыргызстанга фонд тарабынан алынып келинип жаткан инсанды тарбиялоого арналган жаңы программалар, усулдар боюнча кеңири доклад жасады. Экс-президент жолугушууга катышып жаткан мугалимдердин, окумуштуулардын сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берип жандуу пикир алышуу жүрдү.

 

Р.Отунбаева өз сөзүндө ОшМУда жүрүп жаткан реформаларга, түзүлгөн шартка канааттануу менен карай турганын белгилеп, ОшМУнун ректору Каныбек Исаковду реформатор жана демилгелүү жетекчи деп атады.

 

«Бизге Каныбек Абдуваситович жаңы демилгелерибиз бар деп университетке чакырып сунуштар менен чыгып жатат. Биз биргеликте жаш наристелердин мыкты тарбиясы, республикадагы адам ресурсунун интеллектуалдык потенциалын көтөрүү үчүн бир топ жумуштарды аткарабыз»,-деп кошумчалады Отунбаева.

 

Жолугушууну ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков өлкөнүн кыйын кырдаалдарда турган мезгилде чыдамкайлык, каармандык көрсөткөн экс-президентке бүгүнкү балдардын тарбиясы үчүн жасап жаткан иштери үчүн да ыраазычылык билдирди.

 

«Роза Исаковна мен өмүрүмдү балдардын тарбиясына арнайм деп чын ыклас менен чыгып олтурганы бизге чоң шык берди. Буга чейин да «Р.Отунбаевынын демилгелери» фонду тарабынан бир топ алгылыктуу иш чаралар, демилгелер өткөрүлүп келе жатат. Биздин окуу жай да жаңы моделдеги элиталык балдар бакчасын жана австриялык башталгыч билим берүүчү мектепти ачуу мерчеми бар. Ушул багытта биз Р.Исаковна менен өнүмдүү иштешебиз деген ойдомун»,-деди ОшМУ жетекчиси .

 

Иш-чаранын жүрүшүндө СПИД илдетине чалдыккан наристелерге көңүл бөлүү, майып балдарга жардамдашуу жана маданиятты өнүктүрүү маселелери боюнча да экс-президент өз ойлорун айтты.

 

ОшМУда болгон сапарында Роза Отунбаева ОшМУнун көз карандысыз тестирлөө жана дистанттык окутуу борбору, Конфуций институту жана жаңы ачылуучу бала бакчанын имараты менен таанышты.

Баракелде