«Планетаны таштандыдан тазалайбыз» аттуу Дүйнөлүк жумалыкка туш келтирилген «ТазаБИШ» акциясы

September 27, 2016, 06:00

24-сентябрда ишемби күнү таң эртеден “ТазаБИШ” (Таза Бишкек) кезектеги экологиялык акциясынын алкагында ишембилик өттү. Ал дүйнөдө жыл сайын 21-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтүүчү “Планетаны таштандыдан тазалайбыз” аттуу Дүйнөлүк жумалыкка туш келтирилди.


Ишембилик Совет көчөсү/ЧЧК аймагында өттү. Ага Свердлов райондук администрациясынын, Суу чарба департаментинин, жергиликтүү аймактык башкармалыктын кызматкерлери, ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жана “Кадамжай” жаштар кыймылынын жамааттары катышты. Акциянын алкагында катышуучулар Чоң Чүй каналынын жанындагы жана жээк аймактарды тазалашты.


Кийин дүйнөлүк статуска ээ болгон “Планетаны таштандыдан тазалайбыз” акциясын биринчи жолу 1993-жылдын сентябрында Австралиянын тургундары өткөргөн – алар океандын пляждарын тазалоого жапырт чыккан. Бара-бара акцияга башка өлкөлөр кошулган жана бүгүнкү күндө ага бүткүл дүйнөдөгү 100 мамлекеттин миллиондогон ыктыярдуулары катышат.


Мындай акцияларды өткөрүүнүн негизги максаты – курчап турган чөйрөнүн булганышынын жана планетанын таштандыга толушунун көйгөйлөрүнө адамдардын көңүлүн буруу. Ошондой эле аларда курчап турган чөйрөгө чарбакер мамиле жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана экологиялык маданияттын жана сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу.


“Адамзат атомдук апааттан кырылбайт, ал өзүнүн калдыктарына тумчугуп калат”,- деп айткан бир учурда белгилүү физик Нильс Бор.


Ушул жана башка ушундай жаратылышты коргоочу дүйнөлүк акцияларды уюштуруу менен экологдор Бордун айткандары көрөгөчтүк болуп калбагандай жасоого болгон күч аракетин жасайт....