Жибек жолу боюндагы өлкөлөрдүн биринчи кыз-келиндер Форуму болуп өттү

September 23, 2016, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук уюмдун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрынан 21-сентябрына чейин Кытай Эл Республикасынын Урумчи шаарында болуп өткөн Кытай- Евразия бешинчи ЭКСПОсунун алкагында болуп өткөн Жибек жолу боюндагы өлкөлөрдүн биринчи кыз-келиндер Форумуна атайын чакыруу менен барып, катышып келди.


Форумдун негизги жалпы темасы «Аялдардын ишкерлигинин жана жумушка орношуусунун мүмкүнчүлүктөрү жана маселелери» деп аталды. Доктургүл Кендирбаева « Лидер аялдардын экономиканы өнүктүрүүдөгү ролу» деген сессияда доклад менен чыгып сүйлөп, бүгүнкү күндө бул багытта Кыргызстанда кандай тажырыйбалар бар экенине токтолду. Тактап айтсак, ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонддун кыз-келиндерди өнүктүрүү максатында аларды ар тараптан колдоо боюнча жүргүзүп жаткан практикалык иш-чаралары тууралуу кеӊири маалымат берди. Аялзатына байланышкан көп маселелерди чечүү үчүн Кыргызстан аялдарынын башын кошкон Аялдардын Улуттук Форуму, Аялдарды укук коргоо органдарына иштөөгө багыт берген «Устат» долбоору, энелердин функционалдык билимдерин көтөрүүгө багытталган Жайлоо өнүктүрүү борборлору, Кыз-келиндердин компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш алып барган СТЕМ долбоору ж.б. алкагындагы иш-тажырыйбалар Форумдун катышуучуларында абдан чоӊ кызыгууну жаратты.


Аталган Форумдун соӊунда дүйнөнүн 51 өлкөсүнөн келген катышучулар бул аянтчанын кыз-келиндердин абалын жакшыртуу жолундагы ийгиликтүү тажырыйбаларды бөлүшүүдө ролу чоӊ экендигин белгилешти. СУАРдын Аялдар Федерациясы тарабынан уюштурулган бул иш-чара Пекин+5 Платформасынын аялдардын акыбалын жакшыртуу багытындагы негизги стратегияларын ишке ашырууда маанилүү кадамдардын бири болду.