Ырга айланган айымдар

September 20, 2016, 06:00

Үстүбүздөгү Тарых жана маданият жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоодо.


Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон лирикалуу акындар Бактыгүл Чотурова менен Жыпаркүл Исабаеванын чыграмачылыгына арналат. Ал 2016-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында өтөт. Башталышы 17.00. Кечеде акындардын ырлары окулуп, алардын сөзүнө жазылган обондуу ырлар белгилүү ырчылардын аткаруусунда жаӊырмакчы.


Чотурова Бактыгүлдүн ырлары 1970-жылдардан баштап жергиликтүү жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көрө баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы 1989-жылы “Кызыл ат”(ырлар) деген ат менен жарыкка чыккан. Андан бери “Боз торгой” (ырлар,1998-ж.), “Асанкул куудул” (проза, 2003-ж.), “Сагыныч” (ырлар жана поэма,2004-ж.), “Чокморовго ырдесте” (ырлар, 2006-ж.) “Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй” (ырлар жана поэмалар, 2006-ж.), “Суу алдында калган шаар” (публицистика, 2009-ж.), “Найман” (ырлар жана поэмалар,2013-ж), “Күн-Кудайдын кареги” (ырлар, поэма жана драма,2015-ж.), “Котормолор” (2016-ж.)китептери басмадан жарык көргөн. 2008-жылы орус тилинде которулган “Легендарный Иссык-Куль” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагы басылып чыккан. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Б.Чотурова 2009-жылы “Кыргызстан менен Казакстан:Түбөлүк достук” эл аралык конкурсунун лауреаты, Ал Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыкка, КР Ардак Грамотасына татыктуу болгон жана “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамынын ээси. Ошондой эле Бактыгүл Чотуровага 2015-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) алтын медалы ыйгарылган.


ИСАБАЕВА Жыпаркүл адабиятка мектеп курагынан аралашып келет. Анын алгачкы макалалары, ырлары, аӊгемелери 13 жашынан тартып “Кыргызстан пионери” (азыркы “Жеткинчек”), “Ленинчил жаш”, “Жаш ленинчи” гезит-журналдарында жарыяланып келген. Ж.Исабаева “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, 2009-жылы өткөн эл аралык “Казакстан-Кыргызстан – түбөлүк достук” конкурсунда жеӊүүчү-лауреат болгон. Ал эми 2010-жылы ага Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык ыйгарылган. Анын “Сүйүү көргүм келет сенин көзүӊдөн”, “Жыландын сүйүүсү”, “Алыкулду сүйгөн кыз”, “Махабат мазары”, “Канат и Зарина” (орус тилинде), “Тагдыр жана сыйкыр”, “Жинди кыз”, “Күнкесел”,“Кумайык”, “Адашкандар” китептери жарык көргөн. “Баарын башынан баштайлычы” (режиссер Т.Бирназаров),“Кумар” (режиссер Т.Бирназаров) чыгармалары кино болуп тартылган. Ал эми “Канат менен Зарина”, “Семетейчи Сейдана” (“Сексен жетинчи ашуу”) драмалары облусттук театрларда коюлган.


Эки акындын теӊ көптөгөн ырларына обондор жазылып, эл ичине кеӊири тарап ырдалып жүрөт.