«Кыргыздын салттуу балдар баш кийимдери» конкурсу

September 20, 2016, 06:00

Буга чейин жарыя болгон “Кыргыздын салттуу балдар баш кийимдер конкурсуна эмгектерди кабыл алуу 2017-жылдын 17-февралына чейин узартылганын билдиребиз.


Конкурстун уюштуруучулары «Роза Отунбаеванындемилгеси» эл аралык коомдук фонду, КР Маданият, маалыматжана туризм министрлиги, «Сейтек» балдарды эстетикалык тарбиялоо борбору, Манасчылар ассоциациясы, Улуттук оюндар Ассоциациясы болуп саналат.


Конкурстун максаты -Кыргыз элинин улуттук маданиятынын салттарын сактоо жана өнүктүрүү , кыргыз элинин маданий иденттүүлүгү жана анын материалдык эмес мурасы катары кыргыздын салттуу балдар баш кийимдерин даңазалап жайылтуу.


Аталган конкурска элдик чеберлер, сүрөтчүлөр-модельерлер, чыгармачылыкка адистештирилген атайын жогорку жана атайын орто билим берүү мекемлеринин окуучулары жана педагогдору катыша алышат.Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт. Конкурска жиберилген бардык баш кийимдер 3 жаштан 10 жашка чейин жана 10 жаштан бойго жеткенге чейинки жаш курактагы балдар үчүн жасалууга тийиш.


Конкурска катышуучулар өздөрүнүн жасаган эмгектерин 2017-жылдын 17-февралына чейин «Роза Отунбаеванындемилгеси» эл аралык коомдук фондуна жибере алышат. Дареги: Бишкек ш, Чүй проспектиси-106, 108-бөлмө.


Конкурстун жыйынтыгы 2017-жылдын март айынын биринчи он күндүгүндө чыгат.

 

Конкурстун өткөрүлүшү боюнча кошумча маалыматты алуу үчүн бул дарекке кайрылсаңыздар болот: Бишкек ш, Чүйпроспекти- 106, 108-бөлмө тел: 0312 660 384, 660 368, www.roza.kg