Поэзия кечеси «Ырга айланган айымдар»

September 16, 2016, 06:00

Поэзия кечеси


«Ырга айланган айымдар»


29-сентябрь, 2016-ж. Улуттук Филармониянын кичи залы


29- сентябрда саат 17.00 - 18.30 Улуттук Филармониянын кичи залында Кыргызстандын эң лирикалуу акындары – Бактыгүл Чотурова жана Жыпара Исабаевалардын чыгармачылыктарына арналган «Ырга айланган айымдар» аттуу поэзия кечеси өткөрүлөт.

 

Кирүү акысыз.

 

Кечеде акын кыздарыбыздын белгилүү ырларынан сырткары жаңы чыгармалары да жаңырат. Поэзия кечеси бул акын менен окурмандардын жолугушуусу эле эмес, поэзия жана адабият сүйүүчүлөрүнүн эс алуусу.

 

Кеченин алып баруучусу - Мирлан Самыйкожо.

 

“Поэзия кечесинин” программасы Кыргызстандагы Швейцария Эльчилигинин колдоосунда өткөрүлөт.