Пресс-релиз «Үйлөмө аспаптардын парады» балдарга арналган концерт

September 16, 2016, 06:00

Пресс-релиз


«Үйлөмө аспаптардын парады» балдарга арналган концерт


29- сентябрь, 2016- ж.

Улуттук филармониянын Чоң залы. Саат 11.00-12.00


 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду менен Улуттук филармония 29 - сентябрда боло турган «Уйлөмө аспаптардын парады» аттуу концертине Бишкектин жаш тургундарын жана ата-энелерин чакырат.


Концерт саат 11.00 саат 12.00 чейин филармониянын Чоң залында өтөт. Балдардын билетинин баасы – 50 сом, ата-энелерге 100 сом.


Билеттер филармониянын кассасында сатылат.


Сиздерге Улуттук аскерлердин оркестри атайын балдарга концерт берет. Концертте уйлөмө аспаптар тууралуу көп кызыктуу маалымат алып, эң мыкты музыканы уга аласыздар.


Балдар филармониясынын программасы Кыргызстандагы Швейцария Эльчилигинин колдоосунда өткөрүлөт.


Кыргыз Республикасынын Улуттук аскерлеринин бириктирилген оркестри Балдар Филармониясында балдар үчүн биринч концертин тартуулайт!


Концертте үйлөмө аспаптар жөнүндөгү, аскер параддары жөнүндөгү көптөгөн кызыктуу маалыматтарды аласыздар жана интерактивдүү оюндарга катышып, викторинада суроолорго жооп берүү менен ар түрдүү белектердин ээси боло аласыздар!