Кайгы...

August 28, 2016, 06:00

Кымбаттуу кыргызстандыктар!


Биз күч-кубаты толуп турган, жайнаган курагындагы жаш адамдарыбыздан айрылып турабыз. Күтүүсүздөн болгон өрт эч кимди - аялдарды да, эркектерди да аяган жок. Бул трагедия бардыгыбыздын жүрөгүбүздү титиретти жана биздин коом баштан кечирип жаткан көйгөйлүү маселелердин комплексин ачыкка чыгарды.


Урматтуу мекендештер, быйылкы жайда биз үчүнчү "Мекендештер" Форумун өткөрүп, чет өлкөлөрдө убактылуу жашап жана иштеп жаткан биздин акылдуу,алдуу-күчтүү,таланттуу мекендештерибиз өлкөбүздүн экономикасына финансылык салым кошкондон тышкары, туубузду бийик көтөрүү менен Ата Журттун аброюн жогорулатууга да салымдарын кошуп жаткандыктарына дагы бир ирет коомчулук менен бирге күбө болдук. Чет өлкөлөрдөгү ассоциациялардын жана жердеш бирикмелеринин биздин диаспоранын турмушунда ролу жогору экендигин биз тажрыйбадан улам билебиз. Биздин ушул кайгылуу күндөрдө да алардын күчү зор болооруна ишенебиз.


Бүгүн биз курман болгондордун туугандары жана жакындары менен бирге аза күтүүдөбүз. Бул кыйын күндөрү биз сиздер мененбиз! Кайрат кылыңыздар! Ооруканадагылардын тезирээк айыгуусун тилейбиз!

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду