Окуу жылын ысык тамак менен баштайлы

August 24, 2016, 06:00

2006-жылдан тарта өлкө аймагында мектептерде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө Президенттин жарлыгы чыгып, мектеп башталгыч класстардын окуучуларына күнүнө бир маал тамак-аш тартууланып келет. Алгач окуучунун бир кундук тамагына 5 сомдон бөлүнсө, 2008-жылдан тарта 7 сомдон бюджеттик каражат каралган. Бул каражаттын эсебинен мектеп окуучуларына бир булочка менен чай берилип келген. Муну Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынып «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана билим берүү, саламаттык сактоо министирлиги менен биргеликте «КР мектепте тамак-ашты алга илгерилетүү» долбоорун ишке ашырып окуучулар бир маал ысык тамак менен камсыз болууда. Натыйжада окуучунун талаптагыдай билим алуусуна шарт тузулуп, билим сапатынын корсоткучу 10% - 20% жогорулаган.


Бул долбоорду ишке ашырууда ата-энелердин дээрлик бардыгы балдардын мектепте ысык тамак-аш менен камсыз болуусун колдойт. Ата-энелер белгилегендей, мектептерде ысык тамак-аштын уюштурулушу эн оболу келечек муундун ден соолугуна жана талаптагыдай билим алуусуна негиз тузот.


Айтып өтсөк өлкө аймагында мектеп тамак-ашын колдонуунун натыйжалуу тыянактарын эске алган копчулук мектептерде учурда уюштуруу аракеттери ийгиликтуу жузого ашууда. Мисалга алсак Жалал-Абад облусунун Аксы районунундагы Н. Мамбетов мектеби аталган долбоорго 2015-жылдын апрель айынан баштап кирген. Ошол кундон баштап балдар ысык тамак менен камсыз болгон. Ал эми метептин ашканасы 700 мин сомдук жабдуу менен камсыздалган. Окуучулардын ысык тамак менен камсыз болушу жергиликтүү бийлик жана ата-энелер тарабынан да колдоого алынган. Учурда 311 окуучу тамак-аш менен камсыздалган. Бул райондо Н. Мамбетов мектебинен сырткары 11 мектеп ысык тамак-аш менен камсыз болгон. Мындай мисалдар өлкө аймагынын баардык облустарында орун алган. Кыргызстандын алыскы аймагы болуп саналган Баткен облусунун Бирлик айыл аймагындагы №54 Эшме орто мектебинде тоок фермасын ачуу демилгеси мектеп жетекчилиги жана жергиликтуу бийлик тарабынан колдоого алынган. Бул сыяктуу комокчу чарбаларды өлкө аймагындагы бардык облустарда аз-аздан ишке ашырып келүүдө. Айрым мектептерде жер иштетүү менен ишке ашса айрымдары мал жандык, канатууларды багуу аракеттин көрүшүүдө. Учурда аталган долбоорго кирүү аракетин көрүп жаткан ошол эле Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында айыл өкмөтүнүн жардамы менен дагы 2 мектептин ашканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, суу киргизилип, окуучулардын талаптагыдай тамактануусу үчүн бардык шарттар камсыздалууда. Ошондой эле Ош облусунун мектептеринде ысык тамак киргизүү иш аракеттери кызуу жүрүдө. Бул мисалга алсак Ноокат районунун 5-потоктогуна Ж. Бөкөнбаев мектеби кирип жаңы окуу жылында окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылууга даяр. Араван районунан болсо 3 потокко кирген А. Сайдахматова мектебиндеги окуучулар ысык тамак менен толугу бойдон камсыз болуп, чайдын ордуна витаминдүү компот берилип, ата-энелер тарабынан колдо көрсөтүлөт. Көмөкчү чарбада 1 гектар жерине жашылча жемишин, куносканасын иштетип, алма багын өстүрүп окуучуларга окуу жылынан баштап ысык тамакты берүүго толугу менен даяр. Алай районунда Миязды айыл аймагында № 20 К. Туганбаева орто мектеби 6-потокко кирип, окуучуларга ысык тамакты берүүго баардык шарттарын түзүп даяр экенин мектеп директору белгилейт.


Ата-энелердин салымын кошо эсептегенде, окуучулардын сапаттуу жана байытылган тамак-аш менен жетиштуу камсыз болушу учун корулгон бугунку аракеттер келечек муундун бекем пайдубалына туздон туз таасир этет.


Ал эми бюджеттик каражат тартыш болгон республикабызда, статмаалыматтар боюнча, баштаган.


Программанын иш-тажрыйбасы көрсөткөндөй, мектеп тамак-ашы уюштурула баштагандан бери Индияда 30 пайыз окуучулардын организминдеги темир жетишсиздиги төмөндөсө, Улуу Британияда балдарды мектепке тартуу көрсөткүчү 14 пайызга өскөн. Ал эми биздин олкодо билим сапаты жогорулаган.