«Өткөндү коргоо-келечекти жандандыруу» аттуу көргөзмө 2016-жылдын 22-августунан тартып 7-сентябрына чейин Какен Мамбеталиев атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинде өткөрүлүп жатат

August 23, 2016, 06:00

2016-жылдын 22-августунан тартып 7-сентябрына чейин Какен Мамбеталиев атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинде Кыргыз Республикасындагы Ага-Хан Өнүктүрүү Өкүлчүлүгү жана «Роза Отунбаеванын Демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен биргелешип уюштурулган «Өткөндү коргоо-келечекти жандандыруу» аттуу көргөзмө өткөрүлөт.


Көргөзмөгө маданият боюнча Ага Хан Трастынын тарыхый шаарлар үчүн программасынын алкагында түрдүү маданий контексттерде жана ар кандай географиялык аймактарда, алардын ичинде Борбордук жана Түштүк Азияда, Африкада жана Жакынкы Чыгышта ишке ашырылган негизги реставрациялоо долборлору коюлмакчы. Көргөзмөдө тарыхый жерлерге жакын жашаган жамааттардын жашоо сапатын жакшыртууга, шаар мейкиндиктерине жаңы импульс, күч берүүгө, ошондой эле маданият байлыктарын коргоо жана калыбына келтирүү аркылуу көп түрдүүлүктү сыйлоону бекемдөөгө багытталган Трасттын иш чараларын көрсөтүлмөкчү. Көргөзмөнүн панельдери архитектура жагындагы Ага Хан Премиясынын 2016-жылкы сыйлоо финалына өткөн долбоорлорду камтыйт, бул премия архитектура, пландаштыруу практикасы, тарыхый жана ландшафттык архитектура жагындагы жаңы сапат стандарттарын аныктаган долбоорлорго ар бир үч жылда берилет.


1992-жылы түзүлгөн тарыхый шаарлар үчүн программа парктар менен бактарды жаратуу, шаардын структурасын сактап калуу менен жакшыртуу жана маданий мурасты көтөрүү социалдык өнүгүүгө канчалык түрткү боло турганын аныктады. Азыркы күңдө аталган программа он мамлекетте 20 ири реставрациялоо долборлорун аяктады, алардын ичине - Индиянын Дели шаарындагы Хумаюндун күмбөзү; Ооганстандын Кабул шаарындагы Бабурдун Тарыхый Багы жана Тимур Шахтын мавзолейи, жана Малинин Мопти, Дженне жана Тимбукту шаарларындагы байыркы мечиттери кирген. Жогорудагы долбоорлор, жер шарынын аябай жакыр жана өтө алыскы райондорунда да тийиштүү башкарууну сактап калуу менен дем берип кызыктырууга, граждандык коомдун өсүшүнө, киреше менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн жогорулашына, адам укуктарын көбүрөөк сыйлоого жана айлана чөйрө ресурстарын рационалдуу пайдаланууга жакшы таасир көрсөтөрүн аныктады.