Жайлоо өнүгүү борборлорунда балдардын ден соолугу текшерүүдөн өтүүдө

August 23, 2016, 06:00

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо изилдөө институту “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен жүрөк ооруларынын себебин аныктоо максатында Жайлоодогу өнүгүү борборлорунда малчылардын балдарын текшерип жана аларга консултация берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарына медициналык экспедицияларды жүргүзүүдө. Экспедициянын курамына кардиохирург Т.З. Кудайбердиев , балдар кардиологдору Г.Т.Усупбаева, К.Т. Тилеманбетова жана функционалдык дарт аныктоо боюнча адис Г.А.Иманалиева кирген.


Азыркы учурда Талас, Ысык-Көл облустарынын жайлоолорундагы өнүгүү борборлорундагы балдар текшерүүдөн өттү. Жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган балдар мындан ары көзөмөлдө болуусу үчүн алар Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо изилдөө институтуна диспансердик каттоого алынды. Бейтаптардын ата-энелери мындан ары оорулардын сезгенүүсүн алдын алуу, өз учурунда пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүп туруунун зарылдыгы жөнүндө баалуу кеп-кеңештерди алышты.


Жалал-Абад жана Нарын облустарынын жайлоолорундагы малчылардын балдарын текшерүү жана консультация берүү азыркы учурда жүрүзүлүп жатат.