Кыргызстандын аймактарында медициналык текшерүүлөр болуп өттү

August 22, 2016, 06:00

Жакында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен жана атайын квалификациялуу адистердин катышуусунда Кыргызстандын бир нече аймактарында жана “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунда” балдардын жана ата-энелердин ден соолугун медициналык жактан текшерүү иш чарасы болуп өттү.

 

Ушул жылдын 24-июлунан 5-августуна чейин Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университети, КР Өзгөчө кырдаалар министрлиги менен бирдикте Суусамыр жайлоосунда жайгашкан Жайлоо өнүгүү борболорундагы балдардын, ата-энелердин ден соолугун текшерүү, кооптуу учурларын аныктоо боюнча медициналык экспедиция жүргүздү. Экспедициянын курамында жогорку квалификациялуу адистер: кафедра башчылары, доценттер, ага окутуучулар жана КРСУнун медициналык борборунун кызматкерлери, жалпы 9 врач,1 мед айым, 4 студент-волонтерлор болушту.


Экспедицияны КРСУнун терапия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Н.А. Токтогулова жетектеди. Медициналык текшерүүСуусамырда калктын жайгашуусуна ылайык эки жерде: Жайыл райондук бириктирилген үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун Тез жардам берүү бөлүмүнүн “Токойлуу” пунктунда уюштурулуп, дарыгерлер медициналык жабдуулардын(УЗИ, 3 каналдуу электрокардиограф, пульс оксиметрлер, гемотологиялык жана урологиялык анализаторлор ж.б.) жардамы менен келгендерди текшерүүдөн өткөрүштү.Андан соң, Өтмөк участкасындагы “Асан-Үсөн” кафесинин имаратында адистер элди кабыл алышты. Бул жерде электр энергиясы жок болгондуктан, ӨКМ чоң палатка (4 бөлмөгө бөлүнгөн) жана генератор менен камсыз кылды.


28-июлда академик В.И. Нефадьев,университеттин 4 профессору, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фондунун өкүлдөрү “кичи десант” болуп Суусамыр өрөөнүндө болушту. Жайлоодогу өнүгүү борборунун балдары, ата энелери эле эмес, ошол жерде жайлап жатышкан башка жарандар да профессорлордун кабыл алуусунда болушуп, консультация алышты. Суусамыр жайлоосунда219 эркек, 359 аял, 383 бала болуп. жалпысынан961 адам медициналык текшерүүдөн өтүштү. Алардын ичинен273 адам (28,4%) эч бир оору боюнча даттануусу жок, 688 адам (71,6 %) кандайдыр бир дарты барлар болду. Бул долбоор боюнча кээ бир оорулуулар жеринде бекер дарыланышты, ал эми тереңирээк изилдөөгө муктаждар оорунун түрү боюнча стационардык профилдик ооруканаларга багытталды.


Ал эми ушул күндөрүРеспубликалык Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу боюнча Илим изилдөө институту Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарындагы Жайлоо өнүгүү борборлорунда медициналык текшерүү жүргүзүштү. Өзгөчө басым эне-баланын саламаттыгына жасалып, жайлоодогу 5 Өнүгүү борборунда 142 бала медициналык кароодон өттү. Жалпы жыйынтык аяктай элек. Бирок, бул текшерүүлөрдүн натыйжасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы райондорунан 4 чабан оорулары олуттуу болгондуктан, операцияга Бишкекке келе турган болушту.


Кыргызстан Эл аралык университети, Улуттук Илимдер Академиясынын Бийик тоо физиологиялык Институту, Эл аралык тоо институту жана Эл аралык жогорку медицина мектеби Нарын облусунун Ат-Башы районунда 25-июлдан 8-августка чейинки мезгилде медициналык кароолорду жүргүзүштү. Натыйжада 250 баланын (14 жаштан жогору), 200 чоң адамдардын нейрофизиологиялык, психофизиологиялык абалына медициналык текшерүүлөржүргүзүлдү.


Ошондой эле Конфуций институ менен иштешкен Кытай медиктери Талас, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Нарын,Чүй облустарында 10Жайлоо өнүгүү борборлорунда 278 баланын жана 161 ата энелердин ден соолуктарын текшеришти.

















Ч.Абдыраимакунова