«Өткөндөрдү коргоп, келечекти шыктандыруу менен» көргөзмөсү боюнча пост-релиз

August 9, 2016, 06:00

5-августтан тартып 19-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл) Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда «Өткөндөрдү коргоп, келечекти шыктандыруу менен» көргөзмөсү өтүп жатат, ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен кызматташтыкта Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча уюмунун Өкүлчүлүгү жана Ага Хандын Маданият боюнча трасты уюштурган.

 

Бул көргөзмө туристтерге, Кыргыз Республикасынын жарандарына, жергиликтүү тургундарга, ошондой эле эс алып жаткандарга маданий активдерди, атап айтканда, Борбордук Азияда жайгашкан активдерди иликтөөгө мүмкүнчүлүк берет жана тарыхый ажайып жерлерди сактоо аркылуу коңшу жамааттарга кыйла пайда алып келе алат.