Фоторепортаж: мекендештердин «Мекендештер-2016» III Форуму

August 11, 2016, 06:00

2016-жылдын 1-2-августунда Ош шаарында мекендештердин «Мекендештер-2016» III Форуму өттү, ал туруктуу (эки жылда бир жолу өтөт), ал мекендештердин, өкмөттүн жана бизнестин натыйжалуу диалогу үчүн аянтча катары өзүнүн ийгиликтүү экенин далилдеди, ал чыныгы ишкер долбоорлорду жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык келечектерин, инвестициялык жана инновациялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн.

 

Үчүнчү Мекендештер форумунун миссиясы – чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык мекендештердин ичинен потенциалдуу инвесторлордун көңүлүн Кыргыз Республикасында ишкерлик демилгелерди түзүү үчүн колдо болгон жагымдуу шарттарга, Кыргызстандын региондорунун географиялык абалынын, тарыхый жана маданий байлыктарынын кайталангыстыгына буруу.

 

Форумга дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн 500дөн ашык адам, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын 27 диаспоралык бирикмеси, КР Президентинин Аппаратынын, Өкмөттүн, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, элчилер жана дипломатиялык миссиялардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана КРнын ири ишканаларынын башчылары катышты, эксперттер жана талдоочулар, алдыңкы ЖМКлардын жана бизнес жамааттын, Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын өкүлдөрү бир аянтчада жолугушту.


Жети пленардык жыйналыштын катышуучулары Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү маселелерин талкуулады. Өлкөнүн инвестициялык жагдайын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.


Биздин чоң фоторепортажыбыз силерге Форумдун жыйналыштары боюнча виртуалдык саякат жасоого, анын жагдайын сезүүгө, спикерлер жана катышуучулар менен танышууга мүмкүндүк берет.