«Кыргыздын салттуу балдар баш кийими» конкурсун өткөрүү жөнүндө жобосу

September 1, 2016, 06:00


«Кыргыздын салттуу балдар баш кийими»

конкурсун өткөрүү жөнүндө

жобосу



Конкурсту уюштуруучу болуп «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Балажан РУМЦЭВ, Сейтек РДЮЦЭВ, Манасчылар ассоциациясы, Улуттук оюндар ассоциациясы саналат.


Конкурстун максаты жана милдеттери


1. Конкурстун максаты:

Кыргыз улуттук маданиятынын салттарын сактоо жана өнүктүрүү, кыргыз элинин маданий бирдейлиги жана анын материалдык мурасы катары кыргыз балдар салттуу костюмун даңазалоо.


2. Конкурстун милдеттери:

- кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурасы катары Балдардын салттуу кыргыз костюмун сактоо;

- балдарда жана чоң кишилерде руханий жана эстеткалык маданиятты өнүктүрүү;

- кыргыз элинин маданий бирдейлиги катары салттуу костюмду колдонуу;

- улуттук кийимдин элементтерин, улуттук кийимди кийүү менен байланышкан салттарды даңазалоо.


3. Конкурска катышууга сунуш кылынган баш кийимге карата болжолдуу талаптар.

Тарыхый жактан кыргыздын салттуу костюму Кыргызстандын географиялык, климаттык шарттарына ылайык келип гана тим болбостон, ошондой эле аны кийип жүргөн адамдын улуттук мүнөзүн баса белгилеп, адамдын курагына жана статусуна шайкеш келген. Адамдын курагын, анын статусун (үй-бүлөлүү, турмушка чыга элек кыз, үйлөнө элек жигит, кадырлуу карыя ж.б.), жашаган жерин костюм боюнча аныктоого болгон. Костюм турмуш-тиричиликте жана көчмөн жашоо ыңгайында салттуу жумуштарга ылайыктуу болгон. Эркектин куру денесинин түзүлүшүн көрсөтүп, анын тыкандыгына жана сымбаттуулугуна көрк кошуп, жумшак териден жасалган өтүктөр бутту сууктан жана таштардан, курт-кумурскаларын чагып алышынан жана тикенектен коргоп турган.


Балдардын костюму өтө кооз болгон. Балдар ыңгайлуу чапандарды жана өпкө тондорду кийген, секелек кыздар жана турмушка чыга элек кыздар чачын майда өргөн, бул алардын статусун аныктап, аларды ар кандай жаман тилден же сый көрсөтпөөдөн коргогон. Балдардын жана үйлөнө элек жигиттердин/турмушка чыга элек кыздардын баш кийимдери коомдун улуу мүчөлөрүнүн баш кийимдеринен айырмаланган.


Бардык костюмдар накта кездемелерден тигилген жана климаттык шарттарга жана кыргыздардын жигердүү жашоо ыңгайына шайкеш келген.


Бул конкурстун максаты кыргыздардын маданий жана руханий жактан бирдейлиги катары балдардын салттуу кийимине кызыгууну кайра жаратуу, маданий руханий эстелик катары баш кийимдердин ар түрдүүлүгүн сактоо, Кыргызстандын, региондун чектеринде жана чет өлкөлөрдө баш кийимдерди элдин маданий бирдейлигинин элементи катары даңазалоо.


• Кийимдин стили – улуттук, этностук.

- балдар/өспүрүмдөр – баш кийим (тебетей, калпак)

- секелек/турмушка чыга элек кыздар – баш кийим (үкү-топу, топу, тебетей).


4. Конкурска катышуунун шарттары

• Конкурска катышуу үчүн элдик чеберлер, сүрөтчү – модельерлер, республиканын атайын чыгармачыл жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелеринин окуучулары жана педагогдору чакырылат. Катышуучулардын курагы чектелбейт. Бардык иштер төмөнкүдөй курактык категориядагы балдар үчүн иштелип чыгууга тийиш:

-3 жаштан тартып 10 жашка чейинки курактагылар;

-10 жаштан тартып жетилген жашка чейинки курактагылар

• Конкурс үчүн кийимди даярдоодо катышуучулар санитардык-эпидемиологиялык талаптар боюнча балдар үчүн жол берилген жана кыргыздардын тарыхый салттарына ылайык келген материалдарды пайдалана алат. Баш кийимдерди тигүүдө иштеп чыгуунун жана кооздоонун ар кандай ыкмалары колдонулушу мүмкүн.

• Конкурстук баш кийимди балдар, улан-кыздар көрсөтөт.

• Ар бир конкурстук иштин төмөнкүдөй маалыматтары болууга тийиш (дизайнер-автордун Ф.А.Ж., туулган жылы, иштин аталышы, аткаруу техникасы, окуган же иштеген жери, байланышуу телефону).

• Конкурска катышуу буларды болжолдойт: автор видеофильмди жана көргөзмөнүн электрондук каталогун, плакатты же буклетти түзүү үчүн өз буюмдарын фотого жана видеого тартууну жүргүзүүгө, сунуш кылынган иштерди пайдалануу менен материалдарды жарыялоого уруксат берет.


5. Баалоо критерийлери

Модельерлерден, тарыхчылардан жана этнографтардан турган калыстар тобу мыкты костюмдарды төмөнкүдөй критерийлер боюнча тандайт:

а) Буюмдун улуттук колоритти берген салттуу стилди сакташы, баланын курагына шайкеш келиши.

б) Чеберчилик, сунуш кылынган иштердин сапатынын жогорку деңгээли.

в) Баш кийимди кооздоонун элементтери колго жасалууга тийиш.

г) Образдын бүтүндүгү жана бүркөрүлгөндүгү.

д) Идеянын оригиналдуулугу, дизайны жана орчундуулугу.

Е) Тарыхый шарттарга жана образга шайкештик.

Ж) Эксклюзивдик (майрамдык) модель же күндө кийүү үчүн модель.


6. Конкурс өткөрүлүүчү жер жана убактысы

12. Финаллык конкурс 2016-жылдын 5-ноябрында «Манас урпактары» балдар фкстивалынын алкагында төмөнкүдөй дарек боюнча өткөрүлөт: Бишкек шаары, Алма-Ата көчөсү (Дасмия эс алуу борбору)

13. Костюмдарды көрсөтүүгө даярдоону конкурстун катышуучу чеберлери 2016-жылдын 5-ноябрында саат 10.00дөн 13.30га чейин жүргүзөт. 20 мыкты ишти алдын ала тандооу конкурстун калыстар тобу 2016-жылдын 10-октябрына чейин жүргүзөт. Тандалган иштердин авторлору конкурска катышуу үчүн чакырылат.

14. Конкурска катышууга өтүнмөлөр белгиленген формада 2016-жылдын 20-сентябрына чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна берилет: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106, 108-каб.


VI. Конкурсту финансылоо

15. «Кыргыздын салттуу балдар баш кийими» конкурсун финансылоо демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.


VII. Конкурстун калыстар тобу

16. Конкурстун калыстар тобу манасчылардын жана акындардын, элдик уздардын, сүрөтчү – модельерлерлердин, республиканын атайын чыгармачыл жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелеринин окуучуларынын жана педагогдорунун ичинен Фонд тарабынан түзүлөт.


VIII. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу тартиби.


17. Конкурстун жыйынтыктары «Манас урпактары» деген аталыштагы Фестивалдын алкагында 2016-жылдын 5-ноябрында чыгарылат.


18. Калыстар тобу конкурстун байгелүү катышуучуларын аныктайт:

- Гран-при

- конкурстагы 1-орун

- конкурстагы 2-орун – эки байге

- конкурстагы 3-орун – үч байге

-Көрүүчүлөрдүн жактыруу байгеси


19. Конкурстун Гран-присин жеңүүчү жана байгелүү орундарын ээлегендер эстелик дипломдор жана белектер менен сыйланат.

20. Конкурсту өткөрүү маселелери боюнча кошумча маалымат үчүн төмөнкүдөй дарекке кайрылуу керек: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106, 108-каб., тел: 0312 660 384, 660 368.


«Кыргыздын салттуу балдар баш кийими» конкурсуна катышууга

ӨТҮНМӨ


1. Автордун Ф.А.Ж. _______________________________________________


2. Иштеген жери ________________________________________________


3. Кызмат орду ___________________________________________________


4. Дареги, телефону _______________________________________________


5. Кайсы мекеменин алдында жайгашкан, жетекчинин Ф.А.Ж. _______________________________________


6. Аталышын жана жасалган материалдарды көрсөтүү менен сунуш кылынган моделдин кыскача сыпаттамасы.

_____________________________________________________________________

_____________________________________________________________________