Премьер-министр С.Жээнбеков үчүнчү «Мекендештер - 2016» Форумунун катышуучуларына куттуктоо жөнөттү

August 1, 2016, 06:00

Кыргызстандын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында өтүп жаткан үчүнчү «Мекендештер - 2016» Форумунун катышуучуларына куттуктоо жөнөттү. Бул жөнүндө КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыз кылуу бөлүмү билдирет.

 

Өкмөт башчысы өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартууга умтулуусу үчүн форумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

 

«Кыргызстан үчүн татаал мезгилде силер туруштук берип жана өз тагдырыңарды аныктай алдыңар, эми болсо өлкөнү өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууга толук чечкиндүүсүңөр», - деп айтылат куттуктоодо.

 

Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирликке кошулуп, интеграциялык процесске карай кадам жасады деп белгиленет. ЕАЭБге мүчө болуу Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

 

«Эгерде бизге берилген мүмкүнчүлүктү биз туура пайдалана алсак, анда жакынкы келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кире алабыз. Мекендештерибиз – эмгек мигранттары өз Мекенинин өнүгүшү үчүн инвестицияларды тартууга реалдуу жардам бере ала турган убакыт жетти. Азыркы учурда Кыргызстандын экономикасы инвестициялар үчүн ачык, жеке секторду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Өлкөнүн өкмөтү Кыргызстандын экономикасына инвестициялоону чечкен ишкерлерге колдоо көрсөтөт», - жеп белгиленген С.Жээнбековдун куттуктоосунда.

 

«Мекендештер - 2016» Форумунун максаты чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин ичинен Кыргызстандын экономикасына потенциалдуу инвесторлору тартуу болуп саналат.

 

Форумдун ишине вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева катышты.