Жайлоодогу бакчаларга «Көчмөн-номад» КФнын таанышуу жана окутуу сапары

August 2, 2016, 06:00

2-августта «Көчмөн-номад» КФнын 18 волонтерунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун жайлоодогу балдар бакчаларына таанышуу жана окутуу сапарлары башталды.

 

«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору «Мурас» жаштар долбоору менен биргелешкен ишти уюштурду, аны «Көчмөн-номад» КФ жүзөгө ашырды. Алай жана Чоң-Алай райондоруна бир жумалык сапардын алкагында балдар, тарбиячылар жана ата-энелер менен иштер жүргүзүлөт. «Мурас» долбоорунун волонтерлору маданий-билим берүү жагынан программаны атайын даярдады. Интерактивдүү оюндар, кол менен жасоо, оригами, артерапия ж.б. боюнча мастер-класстар уюштурулат. Ата-энелерди жана бакчалардын кызматкерлерин тамак-аш коопсуздугу боюнча агартуу. Сапар ошондой эле волонтерлор үчүн да пайдалуу болот, анткени «Көчмөн-номад» КФ шаардык жаштарды айыл жериндеги салттуу билимдер менен тааныштыруу максатын көздөйт.

 

Жайлоодогу бакчалар менен иштөө балдарды өнүктүрүү үчүн, ошондой эле шаардык жаштарды тоолуу райондордогу жергиликтүү тургундардын турмушу менен тааныштыруу үчүн өз ара пайда берет.

 

Сапардын катышуучулары Web 2.0 жаштар категориясына киргендиктен, алар көбүнесе блогдорду алып барууга, фотого тартууга жана сүрөттөмөлөрдү түзүүгө, социалдык тармактар үчүн макалаларды жазууга ниеттенет. Балдар бакчаларынын ишмердигин интернетте алга илгерилетүү жана даңазалоо. Мындан тышкары, ар бир катышуучу программалык бөлүк боюнча балдар менен өз ишин даярдайт. Төмөндө бакчаларга сапардын учурунда балдарга сунуш кылына турган иш-чаралар келтирилген.

 

- Эртең мененки машыгуу

- Улуттук бийлер боюнча мастер-класс (Жалын бий, кыргыз бий)

- Англис, кытай тилдери боюнча сабактар

- Арттерапия

- Каллиграфия

- Улуттук оюндар

- Кагаздан оюп кесүү, оригами

- Йога тренинг

- Жабыштырып жасоо

- Балдарды гигиеналык жактан агартуу

- Фотосессия

- Видеого тартуу (балдар жана тарбиячылар менен интервью)

- Балдар бакчаларынын ишин ЖМКда чагылдыруу (kloop.kg, sputnik.kg, knews.kg, saat.kg, limon.kg ж.б.)

- Социалдык тармактарда блогдорду алып баруу

- Алай жана Чоң-Алай райондоруна сапар жөнүндө кыргыз, орус, англис тилдериндеги макалалар