Сун Цинлин Фонду уюштурган 7-эл аралык лагерге катышуу үчүн Кыргызстандан балдар делегациясынын сапары боюнча отчет

August 4, 2016, 06:00

Сун Цинлин Фонду уюштурган 7-эл аралык лагерге катышуу үчүн Кыргызстандан балдар делегациясынын сапары боюнча отчет, 2016-жылдын 24-31-июлу

 

 

24-июлдан 31-июлга чейин Кыргызстандын он мектеп окуучусунан турган топ КЭРдеги Эл аралык жайкы лагерге катышты, аны Сун Цинлин фонду уюштурган. Ага анын ичинде Абдраев атындагы музыкалык мектептин, Таберик борборунун бий секцияларынын жана Сейтек РДЮЦЭВдин музыкалык ийриминин окуучулары катышты.

 

Шарт боюнча ар бир катышуучу жол кирени жана катышуу үчүн 300 доллар өлчөмүндө акыны төлөйт, Фонд М. Абдраев атындагы музыкалык мектептин 5 баласынын жана Жамал Сейдакматованын жаштар театрынын катышуучуларынын жол киресин жана катышуусун төлөөгө мүмкүнчүлүк тапты.

 

Балдардын сапарын ишке ашырууга жардам бергендиги үчүн төмөнкүлөргө зор ыраазычылык билдиребиз: визаны алууга жардам бергендиги үчүн КЭРдин Бишкектеги Элчилигинин Консулдарына, М. Абдраев атындагы музыкалык мектептин балдарынын жол киресин төлөгөндүгү, туруктуу жардамы жана консультациялары, ошондой эле делегация КЭРе жүргөн учурда жалпы контролдук кылгандыгы үчүн КРнын КЭРдеги элчиси Канаим Джумадиловна Бактыгуловага, ошондой эле Абдраев атындагы мектептин балдарын аэропортто тосуп алгандыгы жана акы төлөө маселелери үчүн КРнын КЭРдеги элчилигинин кызматкери Бегаим Алыкуловага, чек ара контролунан өтүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн Манас аэропортунун чек ара кызматынын начальнигине, КРнын Үрүмчүдөгү Башкы консулдугунун кызматкерине ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалымат: Сун Цинлин – КЭРдин коомдук жана саясий ишмери, билим берүүнү өнүктүрүүгө, балдарды жана аялдарды коргоого эбегейсиз зор салым кошкон. 2015-жылы Сун Цинлин Фонду «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондун Жайкы лагерге катышууга чакырган. 2015-жылы КЭРде лагерге табигый-илимий сабактар боюнча республикалык олимпиаданын 10 жеңүүчүсү, ошондой эле чыгармачыл жана спорттук мелдештердин байгелүү орундарын ээлегендер жана жеңүүчүлөр катышкан.

 

24-июлдун кечинде биздин делегация Пекиндин эл аралык аэропортуна келди, ал жерде бизди КРнын КЭРдеги элчилигинин кызматкери Бегаим Алыкулова жана эл аралык лагердин волонтеру тосуп алды. Автобус биздин команданы эң сонун Лафит отелине жеткирди. Француздук стилдеги Шато Лафит сепилин кытай миллиардери Чжан Ячен Пекиндин четине курган.

 

Эл аралык лагердин катышуучулары төмөнкүдөй 19 өлкөдөн келген: АКШдан, Жаңы Зеландиядан, Австралиядан, Япониядан, Түштүк Кореядан, КЭРдин үч провинциясынан, Кыргызстандан, Чехиядан, Франциядан, Словакиядан, Словениядан, Босниядан, Венгриядан, Малайзиядан, Египеттен, Мальдив Аралдарынан (катышуучу бир гана чоң киши), Индиядан, Шри-Ланкадан, Пакистандан – 12-18 жаш курактагы балдар менен өспүрүмдөр 7 күндү бирге өткөрдү. Өлкөлөр төмөнкүдөй эки маршруттун бирин тандай алды: Пекин-Чанджоу-Шанхай же Пекин-Ички Монголия. Экинчи маршрутту Египеттин, Пакистандын, Франциянын, Малайзиянын жана Япониянын командалары гана тандады.

 

Калган өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан, Пекин, Чанджоу, Шанхай шаарларына барды. «Кытайда. Дос бололу. (In China. Be friends)» девизи астында өтүп жаткан Эл аралык лагердин максаты – дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттарды Кытайдын маданияты жана салттары менен тааныштыруу, Кытайдын шаарлары, ажайып жерлери менен тааныштыруу, ошондой эле лагерге катышкан өлкөлөрдүн балдары менен таанышуу жана алардын ортосундагы достук.

 

Биринчи күн делегаттардын таанышуусуна арналды – катышуучулар командаларга бөлүнүп, «ice break» оюнун ойноду, ал оюндар мурдатан тааныш болбогон адамдардын ортосундагы чоочунсунууну жойду, ишенимди жана достукту орнотту, командалык маанайды түздү. Андан соң мастер-класстар жана кытайлардын салттуу көркөм өнөрүнүн ар кандай түрлөрү менен таанышуу өткөрүлдү: балдар кытай бет каптарын жана кол менен желдеткичтерди тартты, өз ысмын иероглифтер менен жазды, кытай живописинин – гохуанун негиздерин өздөштүрдү, нунчактар жана секиралар менен кытай кармашуу өнөрүнүн элементтерин үйрөндү, кытай операсынын кыймыл-аракеттерин үйрөндү, музыкалык аспаптарда – барабанда, мандолинде - баньхуда, гусля-гучжэнде, скрипка- эрхуда ойноо өнөрү менен таанышты. Ошондой эле эритилген канттан таттуу тамактарды жасоо боюнча кулинардык мастер-класс болду.

 

Кийинки күнү сабактар түшкө чейин улантылды, ал эми түштөн кийин катышуучулар өздөрүнүн натыйжаларын көрсөттү. Экинчи күндүн кечинде Эл аралык жаштар лагеринин расмий ачылышы өткөрүлдү. Адегенде көргөзмө жана сувенирлерди алмашуу болду. Ар бир өлкө башка делегаттар үчүн сувенирлерди жана белектерди алып чыкты, каалагандар сувенири менен келди жана башка өлкөдөн келген, жагып калган башка сувенирге алмашты. Кыргыз сувенирлери – калемдер, магниттер, брелоктор, кийиз оюнчуктар – тез эле тарап кетти. Биздин катышуучуларыбыз Австралиядан, Жаңы Зеландиядан, Египеттен, Малайзиядан келген сувенирлердин бүтүндөй коллекциясына алмашты.

 

Көргөзмөдөн кийин өлкөлөр бир номерди сунуш кылды – музыкалык же бий номерин, музыкалык салтты же салттуу маданияттын элементин көрсөттү. Кече эң сонун болду! Веерлери менен корей бийлери, Румыниядагы мейман менен саламдашуу салты, Жаңы Зеландиянын командасынан маори элинин фантастикалык расымдык «хака» бийи, Чехиядан үйлөнүү үлпөтүнүн элементтери. Кыргызстандан келген балдар комуз менен музыкалык номерди сунуш кылды. Катышуучулар жаккан номер үчүн лайка-стикерлер менен добуш берген лайкалары бар стенддерде Түштүк Кореянын командасы гана бизден көбүрөөк добуш алды.

 

Үчүнчү күнү эртең менен биздин бүткүл лагерибиз автобустардын кербени менен атактуу Улуу кытай дубалына барды. Улуу дубал Пекинден болжол менен бир жарым сааттык аралыкта жана абдан кооз тоолуу чөлкөмдө жайгашкан. Дубалдын Пекин бөлүгү балык өстүрүү үчүн көлмөлөрү жана азыр сувенирлер сатылуучу павильондору бар чакан шаарчаны билдирет.

 

Байыркы кытай жоокерлеринин ден соолугу мыкты болгон деп болжолдоого болот, ал бийик тепкичтер менен күзөт мунарасынын башкы кире беришинен тартып жана андан ары участканын акыркы мунарасына чейин жетүү үчүн талап кылынат. Биздин делегацияны уят кылбай, бардык балдар чуркабаса да жана тыныкса да акыркы мунарага чейин жетти. Айта кетүү керек, Австралиянын командасынын айрым мүчөлөрү аралыкты марш-бросок режиминде – тыныкпастан жана өтө тез – дээрлик чуркап өттү.

 

Командалардын кара күчүнүн кондициялары да ар башка болду жана бул болсо өлкөлөрдөгү дене тарбиянын жана спорттун өнүгүшүнүн деңгээлин көрсөтүп турат.

 

Түштөн кийин биз белгилүү Чектери бөлүнгөн эмаль фабрикасына бардык. Фабриканын буюмдары бүткүл дүйнөгө белгилүү. Бул жерде чектери бөлүнгөн эмаль техникасы боюнча идиш-аяктын жана буюмдардын миңдеген түрлөрү чыгарылат. Фабриканын уздар олтурган биринчи кабаты келүүчүлөрдөн ары жагы көрүнүп турган тосмо менен гана бөлүнгөн жана бардык туристтер буюм жасоо процессине байкоо жүргүзө алат. Бир уз жезден вазаны же башка буюмду жасайт, экинчиси буюмду жылмалайт, сүрөтчү кыздар буюмду эмаль менен кооздойт. Башка залда каалагандардын бардыгы жагып калган буюмду салып ала алат же жөн гана маашырланып карай алат. Алар бул жерде миңдеп саналат – эбегейсиз зор – адамдын боюнан бийик вазалардан, айкелдерден тартып майдасына чейин. Буюмдардын наркы өтө жогору жана ал колго жасоо жана кайталангыстыгы менен шартталган – ар бир буюм жалгыз нускада жасалат. Жергиликтүү туризмдин деңгээли бардык объекттерде өтө жогору экенин белгилеп кетүү керек. Биз барган жерде КЭРдин башка провинцияларынан жана шаарларынан келген жергиликтүү калктын эбегейсиз зор агымы болду.

 

Андан ары программага уюштуруучулар Пекиндин белгилүү циркине барууну койду. Оюн-зоок болгону бир саатка созулат, бирок адамдын денесинин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн өтө таң калычтуу номерлерди: акробатиканы, аба акробатикасын, эквилибристиканы, мотошоуну камтыйт.

 

Цирктен кийин өлкөлөрдүн бир бөлүгү (экинчи бөлүгү Ички Монголияга кеткен) Чанчжоу шаарын көрүү үчүн темир жол станциясына келди. Пекинден Чанчжоуга чейинки жолду биз түнкүсүн поезд менен басып өттүк жана эртең менен биздин лагердин кийинки станциясына келдик. 4.7 млн. тургуну бар Чанчжоу шаары соңку жылдары экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүдө өтө зор ийгиликтерге жетишти. Шаарда биз эки күн болдук. Биринчи күнү Дино паркында болду, ал жерде динозаврлар музейи жайгашкан, алардын скелеттери ушул жерден табылган. Парк шаардын ичиндеги шаарды билдирет. Бул балдар жана алардын ата-энелери үчүн көңүл ачуунун бүтүндөй дүйнөсү. 3-Д кинотеатр, деңиз мышыктарынын оюну, америкалык дөңсөөлөр, ар түрдүү аттракциондор. Биз жүргөн эки күнү Чанчжоуда температура Цельсий боюнча 39 градус болду, анын үстүнө Кытайдын ушул бөлүгү үчүн мүнөздүү болгон нымдуулук.

 

Кийинки күнү бардык катышуучулар илимий борборго барды, ал жерде ховеборддор, дрондор, үйдөгү жана өнөр жайлык иштер жана 3Д принтинг салону түзүлүүдө. Кыргыз делегациясы 3Д буюмдары кантип түзүлөөрүн көрө алды. Мындай буюмдарды түзүү принциби атайын биотикалык суюктукка негизделген, ал компьютерге берилген форманы жана өлчөмдү толтурат. Балдар №Д калем менен сүрөттөрдү тартты жана өзүнүн катып калган буюмун эстеликке ала алды. Андан соң дрондордун жана үй роботторунун салону болду, алар балдарды сөздөргө, ырларга, эсептерге үйрөтөт жана үйдө баланын коопсуздугуна көз салат. Бардык илимий борборлор мектеп окуучулары келиши үчүн ачык.

 


Чанчжоуда лагердин жабылышы жана таланттардын шоусу болуп өттү, ал жерде бардык өлкөлөр өз чыгармачылыгын көрсөттү. Румыниялык катышуучу түзгөн эң сонун фильм эсте калды. Ал жана анын командасы Бухаресттеги мектептен өкүлчүлүк кылды, анда кытай тилин жана маданиятын окушат. Түштүк Кореядан келген балдар мыкты оюндарды көрсөттү. Дегеле Түштүк Кореянын командасы ушундай трендмейкер болуп чыкты – эң стилдүү, эң көп санда (алар 30га жакын адам болду плюс координатор). Кореянын жаштар субмаданияты жаштар сериалдары боюнча кыргызстандык өспүрүмдөргө жакшы тааныш. Түштүк Кореянын атынын эки эл аралык уюмдан командалар өкүлчүлүк кылганына карабастан, ар бир оюн же бий бардык кореялык катышуучулардын дүркүрөгөн жана достук музыкалык жана моралдык колдоосу астында өттү. Чехиянын атынан жаштардын кесиптик фольклордук тобу өкүлчүлүк кылды. Шри-Ланканын жана Индиянын командалары экзотикалык оюн койду, айтмакчы, алар автобус боюнча биздин туруктуу коңшуларыбыз болду.

 

Эртең менен биз Шанхайга – биздин сапарыбыздын акыркы пунктуна жол тарттык. Шанхайда ар бир катышуучуга катышуу сертификаты тапшырылды жана биздин команда уюштуруучуларга жана бардык жаңы досторго жооп иретинде Маш Ботой музыкалык композициясын тартуулады.

 

Шанхай – Кытайдын экономикалык борбору. Биздин гиддин айтымы боюнча, Шанхайдын өнүгүшү соңку 30 жылда болуп өттү, бул мезгилде чакан порт шаары дүркүрөп өнүгө баштады жана 22 миллион калкы бар эбегейсиз зор мегаполиске айланды. Биз белгилүү Шанхай теле мунарасына (Чыгыш бермети) бардык, анын бийиктиги 487 метрди түзөт жана дүйнөдөгү теле мунаралардын арасында бийиктиги боюнча 5-орунду ээлейт. Жогорку кароо аянтчасынын полу айнектен жасалган жана төмөн жактагылардын бардыгын көрүүгө мүмкүндүк берет. Мунара дарыянын жанында жайгашкан жана шаар алаканга салгандай көрүнүп турат.

 

Теле мунара жайгашкан аймак жалаң асман тиреген үйлөрдөн турат. Теле мунаранын катарында Цзин Мао мунарасынын имараты (бийиктиги боюнча дүйнөдө 19 орунда), Шанхай мунарасы (бийиктиги боюнча дүйнөдө Дубайдагы Бурж Халифтен кийин экинчи орунда), Шанхай дүйнөлүк финансылык борбору (бийиктиги боюнча дүйнөдө жетинчи орунда) жайгашкан.

 

Теле мунараларга баргандан кийин биз кол өнөрчүлөрдүн эски шанхай кварталына бардык, ал жерде туристтер үчүн салттуу буюмдар жана сувенирлер сатылат. Күн Янцзы дарыясын бойлото кечки серүүндөө менен аяктады.

 

Эртең менен аэропортко карай жол тартканга чейин биздин команда шаардын колдоочу кудайынын храмы жайгашкан башка эски кварталды көрө алды. Бул салттуу кытай храмдары жана үйлөрү бар чакан квартал.

 

Сапар жана катышуу Кыргызстандын балдарына биздин эң жакын кошунабыздын – Кытайдын бай маданияты, архитектурасы жана салттары менен таанышууга гана эмес, ошондой эле дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн келген теңтуштары менен таанышууга, маданияттардын жана тилдердин ар түрдүүлүгүн өз көзү менен көрүүгө мүмкүндүк берет, андан ары өнүгүү – тилдерди, жаңы билимдерди үйрөнүү үчүн дем берет.


Сапардын координатору – Асель Джакыпбекова. 02.08.2016-ж.