Фоторепортаж, Жаны-Арык айылы. Таш иштеткен «Кыргыз травертин» заводу

August 2, 2016, 06:00

31.07.2016 "Мекендештер форуму - 2016" иш чарасына катышуу үчүн Жер шарынын ар кайсы континентинен Ош шаарына чогулушкан мекендештерибиз КРнын экс-президенти Р.Отунбаева менен бирге Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жаңыдан ишке кирген "Кыргыз Травертин" заводуна барышты. Бул заводду жогоруда аталган айылдын кулуну, учурунда Россияга эмгектенүү үчүн чыгып кеткен Каныбек Акаев курган. Ал азыр Новосибирск шаарында жашап, "Бакай-Ата" деген аталыштагы компаниясын негиздеген жана ошол эле убакта шаардагы кыргыз диаспорасын да жетектейт. 


Аталган завод түркиялык заманбап жабдыктар менен жабдылган жана тоодой таштарды тилип, жылмалап кошуна олколорго экспорттойт.