Үчүнчү «Мекендештер - 2016» Форуму: Жыйынтык документ

August 2, 2016, 06:00

Үчүнчү «Мекендештер – 2016» Форуму

2016-жылдын 1-2-августу, Ош

Жыйынтык документ

 

 

1-2-августта Ош шаарында Мекендештер Форуму болуп өттү, бул мекендештердин, өкмөттүн жана бизнестин натыйжалуу диалогу үчүн туруктуу (эки жылда бир жолу), өзүнүн ийгиликтүү экенин далилдеген аянтча, ал чыныгы ишкер долбоорлорду жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана инвестициялык, инновациялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн.

 

Үчүнчү Мекендештер форумунун миссиясы – чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык мекендештердин ичинен потенциалдуу инвесторлордун көңүлүн Кыргыз Республикасында ишкерлик демилгелерди түзүү үчүн колдо болгон жагымдуу шарттарга, Кыргызстандын региондорунун географиялык абалынын, тарыхый жана маданий байлыктарынын кайталангыстыгына буруу.

 

Форум КРнын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгында, Үркүндүн 100 жылдыгында, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгында өткөрүлүп жатат, мекендештержалпы улуттук окуялардын жана баалуулуктардын айланасына биригүүдө.

 

Форумга дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн 500дөн ашык адам катышты. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын 27 диаспоралык бирикмеси, КР Президентинин Аппаратынын, Өкмөттүн, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, элчилер жана дипломатиялык миссиялардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана КРнын ири ишканаларынын башчылары, эксперттер жана талдоочулар, алдыңкы ЖМКлардын жана Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын бизнес-жамаатынын өкүлдөрү бир аянтчада жолугушту.

 

Жети пленардык жыйналыштын катышуучулары Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү маселелерин талкуулады. Өлкөнүн инвестициялык жагдайын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

 

Маселенин тарыхы:

 

Азыркы учурда өлкөнүн чегинен тышкары жактарда Кыргыз Республикасынын экономикалык жактан жигердүү болгон 700 миңден ашык жараны эмгектенип жатат. Алардын ичинен 573 миңден ашык адам акча табуу үчүн – Россияда жана 115 миңден ашык адам Казакстанда жүрөт. Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кириши жаңы ченемдерди жана жол-жоболорду кабыл алуу аркылуу айрым өлчөмдөкыргызстандыктарга өлкөнүн чегинен тышкары жакта ишке орношууну жеңилдетти. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин статистикасы боюнча, мигранттардын акча которууларынын көлөмү республикалык бюджеттин 30%ын түзөт.

 

Кыргыз Республикасынын диаспоралары – булар бүткүл дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык жаш уюштуруу структуралары,алар потенциалдуу мигранттар үчүн өтө маанилүү социалдык жана маалыматтыкколдоону берет. Бүгүнкүкүндө диаспоралар Кыргызстанга инвестицияларды тартууда,тажрыйбаны адаптациялоодо жана билимдерди берүүдө жигердүү кыймылдаткыч болуп жатат,өздөрү барган өлкө менен Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана саясий мамилелерди түзүүсүнө жардам берүүдө.

 

2012 – 2016-жылдардагы Мекендештер Форумунун ишинин натыйжалары:

 

1. 2015-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештерменен байланыштар боюнча Кеңеш түзүлгөн.

2. Мекендештердин эки ири «Мекендештер» Форуму өткөрүлдү (Бишкек шаары, 2012-жылдын августу, 2014-жылдын июлу);

3. Кыргызстандыктардын глобалдык он-лайн иш-чараларын өткөрүүгө көмөктөшүүчү интерактивдүү интернет платформа иштеп жатат («Ыр кесе», футболдук матчтар, картирлөө-изилдөөлөр ж.б.).

4. 2015-жылдын май-ноябрь айларында изилдөөлөржүргүзүлдү жана «Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспораларын жана мекендештердин эксперттик ростерин картирлөө» отчету жарыяланды. Бул изилдөөнүн презентациясы КРнын деңгээлинде кеңири чөйрөлөрдө, ошондой эле чет өлкөлөрдө өткөрүлдү.

5. Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын Түркияга, Молдовага пикир алышуусу жана тажырыйба бөлүшүүсү ишке ашты.

6. Мекендештердин ийгилигин чагылдырган «Мекендештер – Кыргызстандын келечегине салым» деген 2 жыйнак даярдалып, жарыкка чыкты.

7. Ош, Баткен, Жалал-Абад областтарында Ата-журтун өнүктүрүүгө мекендештердин салымы жөнүндө алгачкы 10 видеосюжет документтелди жана тартылды.

8. «Мекендештер» клубунун көчмө жана стационардык жыйналыштары туруктуу негизде өткөрүлүп турат.

 

Ошол эле учурда өлкөдөузак мөөнөттүү программа жок. Бул компонент Кыргыз Республикасынын 2017-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясына кирген эмес. Диаспора менен иштөө көптөгөн мамлекеттик органдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн, алардын натыйжалуулугу солгун.

 

«Мекендештер» Форумунун сунуштамалары:

 

1. Өнүктүрүүнүн элементи, катализатору катары диаспора маселелерин 2030-жылга чейин өлкөнүөнүктүрүүнүн улуттук стратегияларына киргизүү;

2. 2019-жылга чейин КР Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештерменен байланыштар боюнча Кеңештин ишин жолго коюу, анын стабилдүүиштешин камсыз кылуу;

3. Өлкөдө бийликтин бүткүл вертикалынын диаспора менен иштөө боюнча кадрларынын туруктуу тренингинөткөрүү;

4. Диаспоралар менен иштөө боюнча милдеттерди, жооптуу ведомстволорду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосунда аныктоо;

5. Өкмөттүн улуттук, маданий, тилдик айырмачылык, мыйзамдарды жакшыртуу жана башкалар боюнча программалар аркылуу диаспораларды өнүктүрүү демилгелерин жана башкаларды колдоосу;

6. Диаспоралардын жардамы менен өлкөгө инвестицияларды тартуу демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

7. Диаспораларды башын кошкон иш чараларды уюштуруу: эки жылда бир ирет Мекендештер Форуму, диаспоралар күнү, диаспоралардын бизнес-форуму;

8. Кыргызстандыктардын глобалдык он-лайн аянты катары www.mekendeshter.org, интерактивдүү интернет платформаны өнүктүрүү;

9. Туруктуу рубрикаларды жана көрсөтүүлөрдү уюштуруу менен массалык маалымат каражаттарында диаспоралар жөнүндө чагылдырууну тереңдетүү;

10. Мекендештердин волонтердук ишмердигине колдоо көрсөтүү;

11. Өлкөгө кайрымдуулук, соопчулук жасайым дегендерге колдоо көрсөтүү;

12. Чогулуп акча топтоонун жана инвестициянын механизмдерин түзүүгө көмөктөшүү;

13. Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын жана инвестициялык потенциалын көтөрүү багытында диаспоралардын жасаган иш-аракеттерине колдоо көсөтүү;

14. Мекендештер тарабынан туризмди жайылтуу жана уюштуруу программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

15. Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча материалдарды жана программаларды , анын ичинде он-лайн курстарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

16. Окуу материалдарын иштеп чыгып, аларды маданий борборлорго жана диаспоралар бирикмелерине таратуу.

17. Мекендештер жыйындарынын жайлоодо, экно жана эко лагерь формаларда откоруу.

18. Форумдун катышуучулардын контактыларын Мекендештер веб платформасында чагылдыруу жана биргелешкен демилгелерди, долбоорлорду ишке ашырууга колдоо коргозуу.


Принимаются предложения для внесения в итоговый документ.

+996 312 66 35 38

e-mail: mekendeshter@roza.kg