Чет өлкөлөрдөгү мекендештер ИИМден туристтердин коопсуздугун коргоп берүүнү суранат

August 1, 2016, 06:00

Ош шаарында өтүп жаткан III «Мекендештер» форумунда туристтерди тоноо фактысы талкууга түштү. Мингранттар бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, «Ички иштер министрлиги чет өлкөдөн келген туристтерди коргоп бере алабы?» деген суроону коюшту.


Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселе боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Бороновго тапшырма берип, туристтерди колдоо боюнча коопсуздук маселесин кароону талап кылды.


Ал эми, Мурат Боронов жабыркап, тоскоолдуктарга учурагандарга тез арада жардам көрсөтүү аракеттери улана турганын билдирди.


Талкууда туристтердин коопсуздугу боюнча ИИМ жетиштүү деңгээлде иштебей жаткандыгы дагы айтылды.