Ош шаарында мекендештердин үчүнчү форуму өтүп жатат

August 2, 2016, 06:00

Кечээ, 1-августта Ош шаарында үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан "Мекендештер-2016" форуму башталды. Аталган форумга экс-президент Роза Отунбаева, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров, акимдер, айыл өкмөттүн башчылары, чет өлкөдө иштеп жүргөн ишкерлер, өндүрүшчүлөр, кол өнөрчүлөр, дыйкандар, шаар тургундары катышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

 

"Мекендештер-2016" III форумунун максаты - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСке, ШККУга мүчө экендигин, Кыргыз Республикасынын аймактарынын географиялык жайгашуусунун уникалдуулугун, тарыхый жана табигый байлыктарын эске алуу менен ишкердик демилгелерди активдештирүү максатында чет өлкөдө жашаган кыргыздардын ичинен кубаттуу инвесторлордун көңүлүн буруу.


"Мекендештер форуму ишкерлер үчүн инвестор тартуу, өндүрүштү көбөйтүү, бизнести өнүктүрүү багытына жардам берет. Андыктан эки күндүк форум жыйынтыктуу кадамдар менен аяктайт деп ишенем. Ош шаарында чет жактагы жарандарга жардам берүү, ишкерлерди колдоо багытында да иштер жүрүп жатат”, - деди Шухрат Сабиров.


Форумдун жүрүшүндө экономикалык өнүгүүдөгү жаңы чакырыктар, күчтүү аймактар – күчтүү өлкө, өлкөдөгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары, бизнес жана инвестициялар, өлкөнү өнүктүрүү үчүн күч-кубаты жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекет жана диаспора – өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдери тууралуу баяндамалар окулду. Ошондой эле “Түштүктүн берекеси” аттуу көргөзмө уюштурулганы маалым болду.


"Мекендештер форуму" 2012-жылы "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду тарабынан негизделген жана бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Миграция боюнча эл аралык уюму, Швейцариянын өкмөтү, БУУнун Өнүгүү программасынын колдоосу менен жүргүзүлөт.

 

Форум бүгүн да уланат.

 

Автор: Үмүт Абдраимова

http://www.super.kg/