«Мекендештер» форуму: мигранттар тапкан каражаттар кайда кетүүдө?

August 2, 2016, 06:00

Ош мамлекеттик университетинде “Мекендештер” форумунун жыйыны башталды. Форум «Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» деген ураан алдында өтүүдө.

 

Жыйынга дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, эмгектенип жүргөн 500дөн ашуун кыргызстандыктар, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү катышып, Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн келечеги, инновациялык жагдай жана инвестициялык салым тууралуу талкуулар жүрүүдө.

 

“Форумдун максаты – Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине жана ШКУга мүчө экендигин, ошондой эле өлкөнүн географиялык жайгашуусунун уникалдуулугун, тарыхый жана табыгий байлыктарын эске алып, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын ичинен кубаттуу инвесторлордун көңүлүн буруу болуп саналат”, - деп белгиледи форумдун уюштуруучулары.

 

“Мекендештер” форуму “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленип, өткөрүлүп келе жатат. Бул ирет форумдун уюштуруучулары да, расмий бийлик өкүлдөрү да чет өлкөдө ийгиликтүү иштеп жаткан кыргызстандыктарды өлкөгө инвестор катары тартуу маселесине көңүл бурууда.

 

Экономика министрлигинин эсебинде сыртта иштеген кыргызстандык мигранттар жыл сайын мекенине 2 млрд долларга чукул акча которушат. Бул каражаттардын 92 пайызы Орусияда эмгектенген, беш пайыздайы Казакстанда иштеген мигранттарга тиешелүү. Бирок мигранттардан келип жаткан каражаттар канчалык эффективдүү пайдаланылып жатат?- дегенге али өкмөттүк да, коомдук да мамиледе өзгөрүүлөр жок сыяктуу.

 

“Биз инвестиция десе көбүнесе эле бирөө келип жардам берет экен деп ойлоп жатабыз. Мигранттардын көбү мамлекетине жардам берип, акча тапкысы келип жатат. Бирок бири-бирине ишеним жоктугунан уюмдашуу, атайын акционердик коомдорду түзүү аз санда. Мигрант келет дагы өз туугандарына инвестиция кылып жатат. Бирок биздикилер инвестиция эмне экенин түшүнбөгөн үчүн башка максатта колдонуп жатат. Мисалы, мал алып берейин деген акчаны той өткөрүп жатат. Эгер орчундуу акча келип жатса, аны туура колдоно албасак аны ойлонуу керек. Келе турган акчалар координацияланышы керек. Бизде кандай болуп жатат, учурунда бирөө кичи автобус алса, баары алып банкрот болушту. Азыр бирөө күнөскана салса баары салып жатат. Кыргызстандын экономикасынын реалдуулугуна жараша башка түрдө колдонулуп кетип жатат. Бул маселеде коомчулук чабал болгон үчүн өкмөт да, саясатчылар да чабал болууда. Кантип туура колдонобуз дегенди өзүбүздөн сурай элекпиз. Акча керек дейбиз, кудук сыяктуу эле куюлуп, бирок келген акча кумга сиңген суудай болуп кетип калууда. Биз ошонун тешигин таап, бүтөшүбүз керек. Бул маселени өкмөттүн ар бир тармагы, жергиликтүү бийликтен тартып коомчулук дагы ойлонушу керек”-деди Би-Би-Сиге берген маегинде Түркияда эмгектенген кыргызстандыктардын өкүлү, “Кыргызстан-Түркия” достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгулов.

 

Москвадагы Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси, кыргыз диаспорасынын өкүлү Кубанычбек Осмонбеков бул маселени мигранттар арасында көптөн бери талкуулап жүрүшкөнүн айтып, өз пикирин ортого салды:

 

“Москвада ушул көйгөйдү көрүп туруп, аптасына бир жолу жыйын өткөрүп жатабыз. Биздин жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз кеңештерибизди берүүгө аракет бар. Мигранттардын көбү эмгектенип тапкан акчасын мекенине алып келет, той өткөрөт, унаа сатып алат. Анан тапканын баарын түгөтүп, кайра барып нөлдөн иштеп баштайт. Ошондуктан бизге экономика министри да маалымат берип, колдоо көрсөтсө дейбиз. Айталы, мигранттар ал жактан салган каржаттарга унаа сатып алгандын ордуна бир чакан ишкердик баштаса, аны өкмөт бир аз салыктан бошотуп, жардам берсе дейбиз. Ошондо ал чакан ишкердик менен башында эки адам алектенсе, демек ал эки бүлөөнү багып жатат дегендик. Ошентип ал экономикага да аз-аздап салымын кошот эле”.

 

Экономика министри Арзыбек Кожошев соңку учурда Кыргызстан чакан жана орто ишкердикти колдоо максатында жеңил шарттарды жаратууга күч үрөп келатканын мисал тартты. Мунун баары ошол сырттан келип иш баштайм деген мекендештер үчүн түзүлүп жаткан шарт,- дейт министр.

“Биздин мекендештердин берген каражаттарын той-топурга, күнүмдүк керектөөлөргө эле кетирбей эле аларга чакан ишканалардын ачканга толук мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатабыз. Бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу салыктар абдан төмөн. Экинчиден, бизнести колдоо шарттарын жеңилдеттик. Текшерүү маселесин иреттеп жатабыз, лицензия берүүнү оңойлотуп жатабыз. Текшерүү органдарынын санын 21 ден 13кө түшүрдүк эле, жакында дагы экөөнү кыскарттык. Бардык тараптан максималдуу иштерди жасап жатабыз”.

 

Кыргызстандыктардын жана мекендештердин “Замандаш” эл аралык конгрессинин төрагасы Кадырбек Бусурманкулов өлкөгө салым кошуп жаткан мигранттардын башын бириктирип мамлекет атайын инвестициялык фонд сыяктуу бирикме түзсө, деген долбоор жазып өкмөткө кайрылышканын, бирок буга өкмөт азырынча жооп бере электигин айтты:

 

“Албетте, өз айылына, районуна, мектеп, мечит, жол салып берип, ар кандай салым кошуп жаткан мигранттар бар. Бирок булардын баарын бирдиктүү бир агымга салуу керек. Мамлекет башында туруп, буларды бир багытка буруп, фонд сыяктуу уюшма түзүп чогултса дейбиз. Ошондо чет жерден инвестор издебей эле өзүбүздүн мекендеш инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул боюнча биз өкмөткө мамлекеттик программанын долбоорун сунуштаганбыз. Азырга чейин кабыл алуу этабында жүрөт”.

 

Мигранттар кыргыз экономикасын кармап турган негизги күч катары эсептелет. Ички дүң өндүрүмдүн үчтөн бирин мигранттар тапкан каржаттар түзөт. Бул жолку “Мекендештер” форумунда мигранттар өздөрү да тапкан каражатты эмнеге жумшап келдик, кантип эффективдүү пайдаланабыз?-деген суроо коюп, мурдагыдай мамилени өзгөртүүгө башкаларды да үндөп чыкты. Миграциянын эң күчтүү агымына дуушар болгон Ош аймагында өткөрүлүп жаткан форумда чет жерде иштеп, окуган мекендештердин тажрыйбасын, билимин кантип пайдаланабыз деген суроо коюлду.

http://www.bbc.com/kyrgyz