ЖМК биз жөнүндө: Кыргызстанда экологиялык лагерь өткөрүлдү

July 25, 2016, 06:00

Балдар «Жаныбарлардын добуштары» экологиялык театрынын оюнун даярдады. Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаева көрүүчүлөрдүн бири болуп калды.

 

Кыргызстанда Чоң Кызыл-Суу дарыясынын бассейнинде бийик тоодогу «Ананайка» жайкы балдар бакчасынын базасында экологиялык лагерь уюштурулган. Анда жергиликтүү балдар үйүндөгү балдар эс алат, ошондой эле ага жакын жайыттардагы малчылардын балдары барат.

 

Экологиялык лагерь балдарда жаратылышты сүйүүнү тарбиялоого чакырылган. Анда WWF командасы иштеп чыккан окутуунун интерактивдүү ыкмалары колдонулат. Балдар жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо зарылчылыгы жөнүндө билип алат, экологиялык оюндарга жана конкурстарга катышат.

 

6-июлда өлкөнүн экс-Президенти Роза Отунбаева «Ананайка» мобилдүү балдар бакчасына жана экологиялык лагерге барды. Дал анын демилгеси боюнча бүткүл өлкө боюнча мобилдүү балдар бакчаларында мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоо башталган.

 

Лагерде эс алып жаткан балдар «Жаныбарлардын добушу» экологиялык театрынын оюнун даярдады. Малчылар жана алардын үй-бүлөлөрү, айыл өкмөтүнүн, областтык жана райондук администрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, жайыт комитеттеринин, жергиликтүү НПОлордун жана ЖМКнын өкүлдөрү көрүүчүлөр болуп калды. Майрамдын меймандары балдардын чыгармачылыгына терең таасирленди жана педагогдор менен тарбиячылардын ишин жогору баалады.

 

Лагерь Кызыл-Суу жайыт комитети менен бирдикте WWF/USAID’дин «Азиянын бийик тоолуу жамааттарын климаттын өзгөрүшүнө байыр алдыруу» долбоорун турмушка ашыруунун алкагында уюштурулду. «Ананайка» балдар бакчасына ошондой эле өнүктүрүүчү оюнчуктар, окуу материалдары жана аларды жарык менен камсыз кыла турган мобилдүү күн батареялары берилди.

 

http://www.wwf.ru/